Жооп соккусу: Кытай АКШнын 60 млрд доллардык товарына бажы алымын киргизди

429
0

Жооп соккусу: Кытай АКШнын 60 млрд доллардык товарына бажы алымын киргизди

Кытай өкмөтү АКШнын жалпы баасы 60 млрд доллардык 5 миңден көбүрөөк түрдөгү товарына бажы алымын киргизди. Бул төлөмдөр 1-июнь саат 00:00дөн баштап алына баштайт.

Кабарда келишинче, АКШнын 2493 түрдөгү товарына бажы төлөмү 25 пайызга чейин, 1078 түрдөгү товарына 20 пайызга чейин көтөрүлгөн. О.э. 947 түрдүү товарга 10 пайызга чейин, 595 түрдүү товарга 5 пайызга чейин көтөрүлгөн. 

Кытайдын мындай кадамга барышына АКШ тараптын Кытайдын 200 млрд доллардык товарына бажы алымын 10 пайыздан 25 пайызга чейин көтөрүшү себеп болгон.

Буга чейин Кытай менен АКШ бир нече айдан бери соода мамилесин тартипке салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Ал сүйлөшүүлөрдүн акыркы 10-раунду 9-10-май күндөрү Вашингтондо болуп өтүп, бул сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелип калган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here