Кыргызстанда СССРден калган саясий чөйрө кыйроого жүздөнүп барууда

371
0

Кыргызстанда СССРден калган саясий чөйрө кыйроого жүздөнүп барууда

Ушул күндөрдө Кыргызстан бийлигине каршы саясий кырдаал курчуп, Батыш дүйнөсү “Азаттык радиосу”,  укук коргоочулары жана башка бир катар мүмкүнчүлүктөрү менен бийликке каршы маалыматтык чабуул уюштурду. Атамбаевчи (оппозициялык) күчтөр да бул маалымат күрөшүн кубануу менен тосуп алышты. Сапар Исаков абактан туруп бир катар көрсөтмөлөрдү берип, маалыматтык чабуул башталганына кубанычта экендигин жана ар кандай кызматташтыкка даяр экендигин билдирди. Демек, Атамбаевдин саясий тобу ар кандай тышкы күчтөр менен кызматташууга даяр!

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Атамбаев башында турган оппозиция өкүлдөрүн саясий майдандан четтетүү максатында ыйгарым-укук жана мүмкүнчүлүктөрүнөн мүмкүн болушунча пайдаланууда. Натыйжада, АКШчыл күчтөр саясий чөйрөнү жаңылоо максатында, башкача айтканда, кырдаалдан пайдаланып Батышчыл саясий чөйрөнү күчөтүп алуу максатында, аларды майданга алып чыгуу менен коомдо Батыш дүйнөкарашынын таасирин күчөтүү аракетин активдештирди. Бийликтин коррупциялык иштерин ашкере кылуу жолдору менен саясий күрөштөрдү уюштура баштады.

Алгач УКМКны реформа кылуу аркылуу анын мүмкүнчүлүктөрүн чектөө сунушу менен чыгып, президенттин саясатчыларга таасирин алсыратууга аракет кылышты. Андан соң Матраимовдорго тиешелүү финансылык кылмыштарды ашкере кылуу менен майданга ЕАЭБди да тартууга аракет кылышууда. Себеби, ЕАЭБге түшкөн жалпы бажы төлөмдөрүнүн 1.9 %ы Кыргызстанга, 1.11%ы Арменияга, 4.5%ы Белорусияга,11%ы Казакстанга жана 85,32% Россияга бөлүнөт.

Демек, Кыргызстан бажысынан өтүп жаткан миллиарддаган товарларда жана алар үчүн төлөнүшү керек болгон төлөмдөрдө ЕАЭБ мүчөлөрүнүн да кызыкчылыгы бар. Кыргызстанда келтирилген чыгымдын негизги бөлүгү Россиянын зыянынан болот. Ошондуктан, Путин Кыргызстан жана Казакстан тараптан өтүп келе жаткан мыйзамсыз товарларды текшерүүгө, аныктоого жана алардын ЕАЭБ аймагына кирип келишине чек коюуга буйрук берди.

“Спутник” сайтынын маалыматына ылайык, Кытайдан Кыргызстанга автотранспорт аркылуу өткөн товарлар боюнча Кытай бажысынан алынган маалымат менен Кыргызстанга кирип келген товарлар тизмеси бири-бирине туура келбей калган. Айтылышынча, 2001-жылдан 2017-жылга чейин 50 миллиард доллардык товар Кытайдан чыккан, бирок Кыргызстанга киргени бажыда  катталган эмес. Демек, көтөрүлүп жаткан Матраимовдор иши же жалпы эле бажыдагы коррупция 2001-2017-жылдар ичинде Кыргызстанды башкарып келе жаткан саясий фигуралар, жетекчи топтор жана бийлик өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгына тиешелүү. Себеби, бул коррупция механизминен ушул күнгө чейин бир топ элита өкүлдөрү пайдаланып келе жаткан болсо, калгандары сүкүт сактоо менен ыраазы болушкан. Т.а. Кыргызстан саясий чөйрөсү толук коррупцияга батып калган! Алар “коррупцияга каршы күрөш” механизмин өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланышат. Т.а. мансаптагылары бийлигин сактап калууда пайдаланышса, башкалары тескерисинче бийликти колго алуу максатында пайдаланышат!

Батышчыл саясий чөйрө болсо, эл аралык саясаттын былыктарын жашыруу негизинде иш алып барат. Алар Кыргызстандын башына түшүп жаткан бардык саясий, экономикалык кыйынчылыктар эл аралык саясаттын жана дүйнөлүк башкаруу системасынын кесепети экендигин жашырып, кылмыштарын ички саясий топ жана адамдарга оодарууга аракет кылышат. Ушул максаты жолунда ич-ара жаңжалдарды, саясий туруксуздуктарды, ал тургай, граждандык же улуттар аралык согуштарды пайда кылышат.

Учурда Кыргызстанда үч саясий чөйрө бири-бири менен атаандашууда: 1) Учурда жетекчилик кылып жаткан СССРден калган Россиячыл саясий чөйрө; 2) Батыш дүйнөкарашын көтөрүп чыгып жаткан АКШчыл саясий чөйрө; 3) Азырынча иш жүзүндө ишмердүүлүккө киришпеген Исламий саясий чөйрө.

Саясий чөйрөнүн иш жүзүндөгү таасири өтө күчтүү жана маанилүү! Ал коомдо саясат жүргүзүп жаткан бардык жетекчи топторду өз таасири астында кармап турат. Ошондуктан, саясий чөйрө соо-саламат болсо, коом да соо-саламат болот. Тескерисинче болсо, бардык бузукулуктар ошол чөйрөнүн мойнунда болот.

Биз жогоруда эки куфр саясий чөйрөнүн бири-бири менен бийлик талашуудагы саясий күрөшү жана айла-амалдарын көрүп чыктык. Исламий саясий чөйрө болсо бир гана Ислам Акыйдасы жана өкүмдөрү үстүнө курулат. Аны бир топ адамдар өз каалоосу негизинде башкара алышпайт! Илахий негизге курулган бул саясий чөйрө, учурда Хизб-ут – Тахрир тарабынан мабдаий Ислам катары коомго сунушталууда. Коомчулук өкүлдөрү болгон үммөт жана калктар, учурдагы саясий чөйрөлөрдүн айла-амалы астында жашап эч кандай пайдага жете албай алдан тайды! Алар кызыкчылык негизине курулган батыл саясий чөйрө болгондуктан, бардык саясаты белгилүү бир топтордун же мамлекеттердин  кызыкчылыгына чектелген. Качан гана Ислам үммөтү исламий саясий чөйрөнү кабыл алып, Исламды Мабдаъ (дүйнөлүк башкаруу системасы) катары коргоого киришмейинче, учурдагы эки куфр саясий чөйрөсү ортосунда алданып, темселеп жүрө беребиз! Эки дүйнө кызыкчылыгына алып баруучу жолго шашылалы! Бул жол бизге ушул дүйнөдө, ал тургай куфр калктарын да коргоп, аларды залалаттан нурга алып чыгышыбызга мүмкүнчүлүк берет!

Ошондуктан, Кыргызстанда болуп жаткан саясий айла-амал жана саясий зулумдарды анык билип алышыбыз өтө маанилүү. Антпесе, алардын биринен кутулуп, экинчисине тутулуу менен абалыбыз ого бетер начарлай берет. Бул бузук саясий чөйрө негизиндеги бардык батыл топтор менен тынымсыз саясий күрөш жүргүзөлү! Бирок, күрөшүбүз учурдагы куфр механизмдери негизинде жүрө турган болсо, анда биз куфр системасы өнүгүшүнө салым кошуп жаткан болобуз, мындан  Аллах сактасын!

Абдураззак Мумин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here