АКШнын караңгы тарабы

Sabah (Түркия): «АКШнын караңгы тарабы»

АКШ эл аралык майданда көптөгөн чакырыктар менен кагылышат. Ошол эле учурда, кыял өлкөсү өнөкөт ички проблемаларды чече албай келет. Наркотиктер, селсаяктар, семиздик, ашынган оңчулдар, адам өлтүрүүлөр жана өз жанына кол салуулар… Кыял өлкөсү өтө оор доорду башынан өткөрүүдө.

70 миң

АКШда өтө курч проблемалардын бири – бул наркомания. Расмий статистикага ылайык, 2017-жылы 70 миң адам наркотик колдонуудан улам көз жумган. Наркотик менен кошо, өлкөдө көптөгөн адамдар ооруну басуучу каражаттарга берилип кетишкен. Маалыматтарга ылайык, ооруну басуучу каражаттарды ашына колдонуунун акыбетинде жылына 14,5 миң адам набыт болот.

11 миң

АКШ сөзү айтылары менен эле адамдар көтөрүп жүргөн жеке менчик куралдардын элеси келет. Бул тууралуу расмий маалыматтар жок, бирок божомолдорго ылайык, учурда Америка жарандарынын колунда 270 миллион даана курал бар. АКШда жылына 11 миңден ашуун адам курал менен кол салуудан улам көз жумат. Ушул жылдын өзүндө эле өлкөдө 115 массалык кыргын окуялары болду.

674 миң

Жаш балдарга зомбулук кылуу жаатында АКШнын репутациясы өтө жаман. 2017-жылы жаш балдарга зомбулук кылуунун 674 миң абалы катталган. Бул темадагы докладдарга ылайык, 1,72 миң бала зомбулукка кабылып көз жумган, ар бир төрт баланын бири зомбулукка туш болот.

10 адамдын төртөөсү

АКШ – семиз адамдар эң көп өлкө. Америкалык 10 адамдын төртөөсү семиздик менен жабыркайт.

45 миң

АКШ чече албаган проблемалардын эң башында өз жанына кол салуу турат. Жалпысынан өлкөдө жылына 45 миң америкалык өз жанын кыйып көз жумат. Өз жанын кыйгандардын эң жаш курагы 10 жашты түзөт. Акыркы изилдөөлөргө ылайык, 2000-жылдан 2008-жылга чейин 10 жаштан 24 жашка чейинки 1,6 миллион жаш бала өз жанын кыюуга урунган.

553 миң

327 миллион калкы бар АКШ чече албай келе жаткан үлкөн проблемалардын дагы бири – бул селсаяктар. Эсептөөлөргө караганда, 700 миң америкалыктын башбаанеги жок. Расмий статистикага ылайык, селсаяктар 553,74 миңге жетет. Бул жаатта алдыңкы орундарда Нью-Йорк (75 000 селсаяк) жана Лос-Анжелес (50 000 селсаяк) турат.

10 миң

АКШда ак түстүүлөрдүн өкүмдарлыгын колдогон жана Исламга каршы турган ашынган улутчулдардын саны өсүүдө. Мурунку жылы өлкөдө бул улутчулдардын айынан 50 киши каза тапты. Андан тышкары, ашынган улутчул «Ку-Клукс-Клан» уюмунун мүчөлөрү 10 миңден ашары айтылууда.

Чек арасыз мусулмандар: «Бузгунчу демократия саясында жашаган Батыш коомунун заалимдиги»

АКШда бир күндө 1900 кыз зордуктоого кабылат. Алардын 20% өз аталары тарабынан зордукталат.

АКШда жылына миллион кыз аборт кылдырат

АКШда турмушка чыккан аялдардын 70%ы зомбулукка туш болот

Швецияда жаңы туулган балдардын 60%ы никесиз төрөлгөн

Орточо эсеп менен, Британияда бир мүнөттө бир аял өз үйүндө сабалып жатканын айтып тийиштүү кызматтарга кайрылат.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago