“ШКУ”: Кытай баскынчылыгы күчөп барууда
Россия менен Кытай АКШнын Азияга карата баскынчылык жүрүштөрүнө каршы “Шанхай Кызматташтык Уюмун” түзгөн эле. Бирок, Кытай бул уюмдан өз баскынчылыгы жолунда – Россия колонизатордугуна каршы – пайдалана баштады. Ошол себептен улам, 13-14-июнь күндөрү Кыргызстанда өтүүчү ШКУ саммитине Кытай өзгөчө даярдык көрүүдө.
Кыргызстан аскерий жактан Россияга көзкаранды. Бирок, Кытай да аскерий тармакта кирип келүү максатында аскерий-техникалык жардамдарды берип келүүдө. 28-апрелде Кыргызстанга Кытайдын коргоо министри Вей Фэнхэ келди. Кытайдын коргоо министри менен Кыргызстандын коргоо министри аскерий-техникалык кызматташтык боюнча документтерге кол коюшту.
14-май күнү Кыргызстандын ички иштер министри Кашгар Жунушалиев менен Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи да кызматташтык боюнча документтерге кол коюшуп, кызматташтыктын алкагында кыргыз милициясына 4,5 миллион доллардык жабдыктар бериле турган болду. Албетте, бул жабдыктар алгач ШКУ саммити коопсуз өтүшү үчүн пайланылат, андан кийин болсо Кытайга каршы маанайдагы кыргыз жарандарына каршы колдонулат. О.э. министрлер “Кыргызстан-Кытай” газ түтүгү коопсуздугун камсыздоо боюнча документке да кол коюшту. Аталган документке ылайык, газ түтүгүнө коркунуч пайда боло турган болсо, бири-биринин аймактарына кызматкерлерин жөнөтө турган болушту. Бул нерсе “Кыргызстан аймагындагы газ түтүктөрүнө коркунуч пайда болду” деген шылтоо менен Кытай милициясы Кыргызстанга кирип келишин түшүндүрөт.
Кытайдын сакафий-идеологиялык колонизатордугу да күчөп барууда. Белгилүү болгондой, Кытай идеология жаюучу мамлекет эмес. Бирок, ал да бул тармакта дүйнөлүк сакафий колонизатордук ыкмаларынан пайдаланууда. Башкача айтканда, Кытайда билим алган студенттер көбөйүп барууда жана Кыргызстандын өзүндө да Кытайдын окуу жайлары пайда болууда. Кытай “маданий кызматташтык” маскасы артында кыргыз элинин туйгуларын моюн сундурмакчы болууда. Мисалы, Кытай илимдер академиясынын окумуштуулары кыргыздар тарыхы биздин заманга чейинки Х кылымга барып такалышын билдиришти. О.э. ШКУ саммитинин алдында Кытайдан кыргыздардын тарыхын изилдеген 8 окумуштуу келип, чогулткан эмгектерин кыргыз коомчулугуну алдында ачыктай турган болушууда. Бул иш-чара элдин улуттук туйгуларын кытыгылап, алардын туйгуларын моюн сундуруунун амалы болуп эсептелет. Болбосо, тарыхыбыз узундугунан бизге кандай пайда, эмне бул нерсе бизди Кытай баскынчылыгынан сактап калмак беле? Негизи, бул колония кылуу куралы эмеспи?
Мындан тышкары, Кытай өкмөтү мусулмандарды Исламдан чалгытуу үчүн Исламга тескери маданий көрүнүштөрдү көтөрүп чыгууда. “Маданий кызматташтык”тын алкагында Исламга тескери келген ыр-бий, фильм жана башкаларга олуттуу көңүл бурууда.
15-майда Кыргызстанда ШКУ маданият министрлеринин жыйыны болду. Анын алкагында министрлер 2021-жылы өтүүчү “Silk Road” (Жибек жолу) фестивалын талкуулашты. Ошол эле күнү Ысык-Көлдө “Кытай жана Кыргызстандын ийгиликтүү айымдарынын” жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында кытайлык “коноктор” Кыргызстан аялдарын “кайратуу, акылдуу, аракетчил жана сулуу” деп мактап кетишти. Өкүнүчтүүсү, айрым эже-карындаштарыбыз ушундай кооз сөздөргө алданышууда…
Колонизатордуктун экономикалык ыкмаларын алып караганда, Кыргызстан карызынын эң чоң бөлүгү Кытайдан. О.э. Кытай өлкөбүздөгү эң ири “инвестор” болуп эсептелет. Соода жүгүртүү боюнча да Кытай алдыңкы орунда. Мындан тышкары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулганы жатат жана Түркмөнстан-Кытай газ түтүгүнүн бир бөлүгү Кыргызстан аркылуу өтөт.
Кытай ушунча колонизатордук ыкмаларын колдонуп жатканына карабастан, Кыргызстан бийлиги Кытай өкмөтүнө малайлык кылууну токтотпой жатат.
21-майда Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келди. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында 2020-2021-жылдарда эки өлкөнүн тышкы саясий кызматташтыгы жана жакынкы эки жылдагы негизги багыттарды аныктаган документтерге кол коюлду.
Ван И сөз арасында Чыгыш Түркстан мусулмандары жөнүндө айтып: “СУАР бир нече жыл мурда үч күчтөн азап тартып жүрдү. Террористтик күчтөр менен радикалдык идеология биздин өлкөгө гана эмес, аймактык коопсуздукка шек келтирип жатты”, – деди.
Белгилүү болгондой, Кытай бийлиги намаз окуу, орозо кармоо, хижаб кийүү сыяктуу исламий көрүнүштөрдү да терроризм жана экстремизм деп эсептейт. О.э. ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Кытайга барганда “Кытайдын Чыгыш Түркстан боюнча саясатын колдогон” билдирүү бергенин кошумчалап, бул үчүн ыраазылык билдирди. Негизи, кыргыз өкмөтү мындай позициясы аркылуу Чыгыш Түркстандагы боордошторубузга кыянат кылды о.э. эртең Кытай басып алгандан кийин Кыргызстан калкынын башына да уйгур калкынын тагдыры түшүүсүнө ыраазылык берди! Бул кандай гана кыянаттык!
Президент Жээнбеков да Кытайдын элчиси менен жолугушканда “үч күчтөр” тууралуу сөз кылып: “Кыргызстан “үч күчтөргө” каршы күрөштө Кытай менен бир позицияда”, – деди. Эх, кандай чыккынчылык…
Эй Кыргызстан мусулмандары, мурунку президенттер да учурдагысы да силерди Кытайга тапшыруу жолунда кызмат кылып келишет. Ошол себептен улам Кытайга карата мамиледе жетекчилерди ээрчибегиле. Силер мусулмансыңар! Ошондуктан, Кытай колонизатордугунан кутулуу жолун Исламдан издегиле!
Эй акимдер, силер да мусулман калктын презенттерисиңер! Диниңерге кайтып, элдин кызыкчылыгын тандагыла!
وَإِنْ تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْمًا غَيْرَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ
“Эгер силер (Аллахка итаат кылуудан) жүз үйрүп кетсеңер, Ал Зат (ордуңарга) силерден башка бир коумду алмаштырып коёт, кийин алар силерге окшош болбойт”[47:38]
Абдулхаким Карахани
Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы