Кытай АКШны сейрек кездешүүчү металлдар менен кысымга алат

336
0

Кытай АКШны сейрек кездешүүчү металлдар менен кысымга алат

АКШ менен Кытай ортосунда күчөп бара жаткан соода согушунда стратегиялык жаткан маанилүү болгон сейрек кездешүүчү металлдар Кытайдын үстөмдүгүн камсыздашы мүмкүн. Бул тууралуу “Рен-ТВ” кабарлады.

Жакында Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин сейрек кездешүүчү металдар заводунда болду. Кытай маалымат каражаттары бул сапар Вашингтон үчүн эскертүүчү сигнал болгонун кабарлашты жазышты.

Си Цзиньпиндин сапарынан кийин Кытайдагы сейрек кездешүүчү металл өндүрүүчүлөрдүн акциялары көтөрүлүп кетти.

 Бул түрдөгү металлдар жогорку технологиялык тармактарда, айрыкча, заманбап куралдарды иштеп чыгарууда колдонулат.

Бул маселеде кытайлыктарсыз АКШнынын “күнү өтүшү” кыйын, себеби, глобалдык базардагы сейрек кездешүүчү металлга болгон талаптын 71 пайызын Кытай камсыздап келет.

Эң кызыгы, Кытайдын миңдеген товарларына бажы алымын киргизген АКШ негедир анын металдарын “унуткан”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here