Саудия королу араб мамлекеттерин чукул жыйынга чакырды

407
0

Саудия королу араб мамлекеттерин чукул жыйынга чакырды

Саудиянын королу Салман ал-Сауд араб мамлекеттеринин жетекчилерин чукул жыйынга чакырды.

“Саудиянын падышасы Араб мамлекеттери Лигасындагы о.э. Перс булуңу Кызматташтык кеңешиндеги ага-инилерин  30-июнда Меккеде чукул жыйын өткөрүүгө чакырды”, – деп айтылат кабарда.

Бул чакырык, Араб мамлекеттери Лигасы жана Перс булуңу кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн башчыларына каратылган, бирок, ошол күндөрдө Меккеде Ислам кызматаштык уюмунун  мүчөлөрүнүн жолугушуусу да пландаштырылган.

Саудиянын тышкы иштер министри Адил ал-Джубайр билдиргендей, Саудия согушту каалабайт, бирок экинчи тарап согушту тандаса “болгон күч-кубаты менен жооп берет”.

 Өткөн аптада Перс булуңунда  белгисиз адамдар Саудияга тиешелүү танкерлерге жана нефть түтүктөрүнө кол салышкан. АКШ атайын кызматтары кабарлашынча, бул чабуулдарды Тегеран колдогон күчтөр ишке ашырган болушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here