Экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамына кол коюлду

601
0

Экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамына кол коюлду

  Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.  Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

 Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жыл 4-апрелде кабыл алган.

 Мыйзамдын демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев.

 Мыйзамга ылайык, экс-президент президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин же кызматынан четтетилгенден кийин айрым абалдарда кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

 О.э. жаңы мыйзам боюнча экс-президент саясий же мамлекеттик бийлик органдарында жетекчилик кызматты ээлей албайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here