ШКУнун жыйынында дүйнөлүк антиттеррордук фронт түзүү сунушу талкууланды

338
0

ШКУнун жыйынында дүйнөлүк антиттеррордук фронт түзүү сунушу талкууланды

15-майда Бишкекте Шанхай Кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны болуп өттү.  2019-жылы ШКУга Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Жыйынга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилбеди. Жыйындан кийин Кыргызстандн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев талкууланган маселелер боюнча маалымат берди. Анын билдиришинче, жыйында глобалдык бирдиктүү бүткүл дүйнөлүк антиттеррордук фронт түзүү керектиги белгиленди.

Сагынбаев: “Тараптар дүйнөдө туруксуздуктун фактору күчөп жатканын белгилешти.  Бир катар аймактарда чыр-чатактар күч ала турган кооптуу жагдайлар күчөп жатат. Чогулгандар терроризмдин бардык түрүн айыпташты. Бириккен Улуттар Уюмунун координациясы астында бүткүл дүйнөлүк бирдиктүү антитеррордук фронт түзүүнүн маанилүү экендиги белгиленди. Ал эл аралык укуктун негизинде саясатсыз жана кош стандартсыз болушу керек”, – деди.

“Азаттык” радиосу  жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Пакистан, Россия, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Индия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкандыгын кабарлады.

 ШКУнун Бишкектеги жыйынында негизинен Сириядагы мужахиддерди артка кайтаруу маселесине байланыштуу проблемалар талкууланышы күтүлгөн эле. Эл аралык саясаттын колдоосу астында эл аралык фронт түзүү жөнүндөгү сунуш да ушул максатка каратылган. Башкача айтканда, Сирия мужахиддерин артка кайтаруу убагында жетекчи мамлекеттер бул жараяндардан өз максаттары жолунда пайдаланып, аймактарда фитнакечтик операцияларын  уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүнүн алдын алуу үчүн эл аралык фронт түзүү жана ал аркылуу жараянды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу максатын көздөщкөн.

Сирияда элдик көтөрүлүш башталып, ал  кийинчерээк куралуу кагышууларга жана массалык кыргындарга айланып кеткен соң, дүйнө жүзүндөгү мусулмандар ал жакка талпына башташты. АКШ башында турган эл аралык саясат Исламий туйгулардан пайдаланып, Орто Азиядан жана башка мамлекеттерден бара жаткан мусулмандарга Түркия мамлекетинин жардамында  атайылап коридор ачып берди. Бүгүнкү күндө эл аралык саясат Сирияда кайрадан светтик башкаруу түзүмүн тикелөө үчүн аракет кылууда.

Демек, мужахиддердин ал жерден чыгарылышы, же кырып жок кылынышы күтүлүүдө. Эки абалда тең миңдеген жай тургундар жана жаш балдардын өлүмү менен коштолуп жаткан массалык кыргын күчөшү күтүлөт. Куфр дүйнөсү мужахиддер Сириядан чыгып кеткенден, же кыргын кылынып жок кылынгандан кийин, “алар өз өлкөлөрүнө кайтып кетишти” деген жалган маалымат таратуу менен исламий өлкөлөрдө дагы кайрадан аскерий фитналарды уюштурушу мүмкүн. Кытай жана Россиянын кызыкчылыгына кызмат кылуучу ШКУ уюму да жогоруда айтылган мужахиддер чуусунан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калмакчы болууда.

Мужахиддерди өз мекенине кайтаруу жараяны жетекчи мамлекеттердин ошол мамлекеттердин ички иштерине аралашуу мүмкүнчүлүгүн күчөтөт. Ошондуктан,  ШКУ бул мүмкүнчүлүктү Батыш колонизаторлоруна берип коймокчу эмес. Бардык тарап бул мүмкүнчүлүктү учурдагы эл аралык саясат жана анын негизги куралы болгон БУУ аркылуу пайдаланат.

Тыянак кылып айтканда, учурдагы дүйнөлүк уюмдардын бардыгы колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылып, алардын ар бири өз уюмдары аркылуу биздин проблемаларыбыздан пайдаланып, өз максаттарына жетип алууну көздөшөт. Алар бири-бири менен мелдешип жаткан сыяктуу биздин кызыкчылыктарыбыз үстүндө күрөш алып барышат. Улуттар жана өлкөлөргө атайын балээ-кырсыктарды алып келишет. Андан соң ал балээлердин алдын алуу шылтоосу менен биздин көзкарандылыгыбызды ого бетер күчөтүп алууну көздөшөт.

 Алардын ушул жийиркеничтүү иштери ишке ашуусунда эл аралык саясат жана эл аралык уюмдардын салымы өтө чоң. Башкача айтканда, бул уюмдар жетекчи мамлекеттердин зулумун эл аралык мыйзам-эрежелер аркылуу – бул операциялары миллиондогон адамдардын өлүмүнө себеп болсо да – расмий жана мыйзамдуу операцияларга айландырып беришет.

Чечим: Эл аралык уюмдар бар болушу мубах иштерден болсо да, эл аралык мыйзамдар болушу мүмкүн эмес. Бул уюмдар теңдик, ыктыярдуу түрдө мүчө болуу жана андан каалаган убакта чыгып кетүү негизине курулушу керек. Эл аралык мыйзамдар алсыз мамлекеттерди күчтүү мамлекеттерге көзкаранды (кул) кылат. Бул уюмдар кабыл алып жаткан мыйзамдар жалаң гана күчтүү мамлекеттер тарабынан ишке ашырылат. Ошондуктан, күчтүү мамлекеттер – кандай кылмыш кылса да – өздөрүн-өздөрү  жазалашпайт. Демек үстүбүздө өкүм сүрүп жаткан саясий, экономикалык жана башка көзкарандылыктар, согуш жана репрессиялар учурдагы куфр системасы негизиндеги эл аралык мыйзамдарга негизделген уюмдардын кесепетинен болууда. Качан аларды таштап, куфр башкаруу системасынын кулдугунан исламий башкаруунун адилеттүүлүгүнө кайтып келмейинче ар бир ишибиз куфрдун пайдасына боло берет. Акыбети болсо, дүйнө жана акырет кордугуна алып барат.

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here