Рохинжа муслмандарынын азап-кыйынчылыктары уланууда

300
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Рохинжа муслмандарынын азап-кыйынчылыктары уланууда

Бул азап-кыйынчылыктарга Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык гана чекит коёт

«Анадолу» маалымат агенттиги хижрий 1440-жылы 27-шаъбан, миладий 2019-жылы 3-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Мьянма парлементинин депутаты айтышынча, өлкөнүн аскерий күчтөрү Аракан вилаятында сурак кылуу үчүн камакка алынган 7 жаранды атып өлтүргөн.

Ушул аптанын башында Мьянма армиясы Аракан айылдарында жүздөгөн адамдарды топтоп, алардын оппозициялык этникалык жамаат эсептелген «Аракан кошууну» жамаатына тиешеси бар экенин аныктоо үчүн тергөө баштаганын маалымдаган.

Армия тарабынан берилген билдирүүдө Мьянманын Кявк Тан айылында да ушундай тергөө өткөрүү үчүн 275 адам камакка алынган.

Бейшемби күнү Мьянма парламентинин депутаты Хим Маунг Лат «Анадолу» агенттигине 7 жаран өлүп, 8 адам оор жараат алганын тастыктап, айыл тургундары жаңжал көтөрүшкөндөн кийин аскерлер аларга ок атты, деди.

Хим Маунг айтат: «Бул окуядан мурда да башка айылда 4 адам тергөө убагында өлтүрүлгөн».

Депутат маалымдашынча, камакка алынгандарды полицияга тапшыруу жөнүндөгү парламенттин талабын армия аткарбаган. О.э. депутат: «Жарандардын өлүмү болуп турат жана бул кабыл алгыс абал», – деп кошумчалады.

Жергиликтүү жана эл аралык булактардын берген маалыматтарына ылайык, 2017-жылдын август айынан баштап Аракандагы этникалык мусулмандар Мьянма армиясы жана экстремист согушкерлер тарабынан бутага алынып, миңдегени кыргын кылынган. БУУ баса белгилешинче, алардын 826 миңден ашыгы коңшулаш Бангладеште качкындар макамын алышкан.

Мьянма бийлиги рохинжа мусулмандарын бангладештик «мыйзамсыз мигранттар» деп эсептейт. БУУ аларды «дүйнөдө эң көп репрессияга учураган калк» деп моюнга алган».

Роя гезити:

Ислам Мьянмага миладдын 788-жылы Харунар Рашиддин Халифалыгы доорунда кирип келди, ошол убакта Халифалык дүйнөнүн биринчи жана жетекчи мамлекети эле. Исламдын адилети себептүү Ислам ушул абалда бир нече кылым турду. Мусулмандар Аракан вилаятында 350 жыл (миладий 1430-1784-ж) өкүмдар болуп турушту. Кийин бутпарасттар Араканды басып алышып, Исламды жаман көрүшкөндүктөн вилаятта бузгунчулук кылып, мусулмандарга каршы кылмыштарты жасашты, мусулмандардын өтө көпчүлүгүн, өзгөчө уламаларды жана даъватчыларды кыргын кылышты. Бутпарастар мусулмандардын мүлкүн талап-тоноп, мечит жана медреселерди ойрон кылышты. Андан кийин стратегиялык мааниге ээ жана табигый байлыктарга мол бул өлкөгө Батыш колонизаторлору (өзгөчө Британия) кирип келди жана эми мусулмандар бутпарас монахтар тарабынан кыргын кылына баштады. Бутпарас монахтарды Британия колдоп-кубаттап турду. Алар да мусулмандардын көпчүлүгүн өлтүрүштү, көпчүлүгүн өлкөдөн кууп чыгарышты. Мьянма «эгемендүүлүккө» жетишкен соң, Британия өзүнүн Индиядагы малайларынын жардамында өлкөнүн өкүмдарына айланды. Кийин Аракан – АКШнын Исламга каршы күрөшүү жана Кытайга басым өткөрүү саясаты үчүн маанилүү регионго айланды. Америка менен Индия – өзгөчө, бүгүн Моди өкмөтү доорунда – региондо өз таасирлерин кеңейтүүгө аракет кылып жатышат, бул жаатта Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи айымды ишке салышууда.

Ошентип, мусулмандар бир тараптан бутпарас монахтардын курманы болушса, экинчи тараптан колонизатор кафир мамлекеттер (Британия менен АКШ жана Индия) ортосундагы таасир талашуу күрөшүнүн курманы болушууда. Шек-күмөнсүз, Аракан – исламий өлкө. Анын ар бир сөөм жерин азат кылуу – мусулмандардын милдети. Ошондуктан, ал жердеги мусулмандарды илманийлердин, мушриктердин жана бутпарастардын зулумунан азат кылуунун жалгыз жолу – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө, Араканды Халифалыкка кошуу.

Роя гезити, №233, 2019-жыл, 8-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here