Дүйнөлүк Ислам Лигасы Сауд Арабияга яхудий делегациясын чакырууда

237
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Дүйнөлүк Ислам Лигасы Сауд Арабияга яхудий делегациясын чакырууда

«CNN Араб» кызматынын сайты хижрий 1440-жылы 28-шаъбан, миладий 2019-жылы 4-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Дүйнөлүк Ислам Лигасы өзүнүн башкы катчысы Мухаммад ибн Абдулкарим Исага яхудий делегациясын Сауд Арабияга чакыруу вазыйфасын тапшырды. Визит 2020-жылы январь айына белгиленгени маалымдалды.

«Израиль» тышкы иштер министрлигине караштуу «IsraelArabic» сайты Твиттердеги баракчасында мындай билдирүү берди: «Дүйнөлүк Ислам Лигасынын башкы катчысы саудиялык шейх Мухаммад ибн Абдулкарим Исанын чакыруусуна ылайык, яхудий делегациясы биринчи жолу Сауд Арабияга сапар жасайт. Шейхтин айтымында, визит 2020-жылы январь айында өтөт».

Мухаммад ибн Абдулкарим бул жөнүндө 30-апрель т.а. «холокост» күнү тууралуу айткан билдирүүсүндө ачыктады: «Холокостту четке кагуу да, анын маанисин азайтуу да мүмкүн эмес, биз мындай үрөй учурган фашисттик кылмыштын каршысында акыйкат сөздү айтууну каалайбыз, бул кылмышты төгүнгө чыгарган ар кандай пикирге же назарияга каршы чыгабыз, бул биздин исламий жана инсаний баалуулуктарыбыз. Бул визитке бизди ушул исламий жана инсаний баалуулуктар үндөдү. Холокост делегациясы Дүйнөлүк Ислам Лигасынын чакыруусу менен Сауд Арабияга сапар кылат».

Роя гезити:

Бул билдирүү динин сокур тыйынга саткан сарай шейхтеринин чыныгы жүзүн ачууда. Алар яхудийлер үчүн көз жаш төгүп, мусулмандарга эч бир тиешеси жок «холокостту» чындык деп айтканга чейин барышты. Ошол эле учурда, алар баскынчы яхудийлердин Фалестина калкын кыргын кылып жатышканына көз жумушууда. Баскынчылардын бул кылмыштарынын акыркысы өткөн жума күнү Газа секторунда болду.

Дүйнөлүк Ислам Лигасы сыяктуу уюмдардын – Аллах ынсаф бергенден башкаларынын – баары түзүлгөн күндөн бери мусулмандарды алдоого урунуп, жалгандан көз жаш төгүп келишет. Бул уюмдар өзүлөрүн мусулмандардын жана алардын маселелеринин коргоочусу катары көрсөтүшөт. Яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу жана мындай бетпак малайлык кылуу аракетинен кийин бул куурчак уюмдарга жана малай режимдерге таянуу үчүн мусулмандын алдында бир да үзр-шылтоо калбады. Уммат мындай режим жана уюмдарды кулатуу үчүн армияларга таянышы керек. Ошондо гана ал мусулмандарды жана алардын маселелерин, эң оболу Мубарак Фалестина жери маселесин коргоо үчүн, бул жерди яхудийлердин баскынчылыгынан азат кылып, ыпластыгынан тазалоо үчүн амалий аракетке келет.

Роя гезити, №233, 2019-жыл, 8-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here