Путинди Идлибге чабуул кылуудан тосуп жаткан нерсе инсанийлик туйгусу эмес, балким, АКШнын кызыкчылыгы
«Рейтер» агенттиги хижрий 1440-жылы 21-шаъбан, миладий 2019-жылы 7-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Ишемби күнү Россия президенти Владимир Путин Сирия күчтөрү орус аба күчтөрүнүн жардамында Сириянын Идлиб районундагы экстремисттерге каршы кеңири көлөмдүү чабуул баштоосунун ыктымалы бар экенин баса белгиледи. Бирок, бул вариант учурда ишке ашырылбаганын маалымдады.
Путин Пекинде берген билдирүүсүндө: «Москва менен Дамаск терроризмге каршы күрөштү улантат, бул бомбалоолор Идлибден чыгууга урунуп жаткан экстремисттерге багытталып, маал-маалы менен ишке ашырылууда», – деди.
Бирок, ал Идлиб айланасында катардагы жарандар болгондуктан кеңири көлөмдүү аскерий амалият алып баруунун убагы келбегенин кошумчалады.
«Кең көлөмдүү чабуул башташыбыз ыктымалдан алыс эмес. Бирок, биз жана сириялык досторубуз гуманитардык фактор себептүү муну баштаган жокпуз», – деди ал».
Роя гезити:
Путин Идлибде кеңири көлөмдүү чабуулду катардагы жарандар себептүү баштабай жатканына адамдар ишенет деп ойлоп жаткан көрүнөт. Кудум, ушул күнгө чейин ал Сириядагы жарандарды массалык түрдө өлтүрүп, канын ичпей жаткандай, кудум наабайканаларды, ооруканаларды, мечиттерди жана үй-жайларды бомбалабагандай! Бул коркоктун «эгер айтсам, шерменде болом» деп жашырып келе жаткан бир чындыгы бар. Кеп ушунда, учурда анын Идлибге сокку беришине Америка ыраазы болбой турат. Путиндин сокку бербей жатканына ал Идлиб калкын ойлоп жатканы себеп эмес. Таптакыр андай эмес. Балким, Америка өзүнүн Сириядагы саясий чечимине жүзөгө чыгарганга чейин Россияны Сириядан чыгарбай, анын иштери менен алек болуп турушун каалап жатат. Т.а. Америка аскерий чечимге караганда саясий чечимди абзел көрүүдө.
Роя гезити, №232, 2019-жыл, 30-апрель.