Кыргызстан экономикасы эмгек мигранттары которгон акчадан көзкаранды

524
0

Кыргызстан экономикасы эмгек мигранттары которгон акчадан көзкаранды

Экономисттер жана эксперттердин билдиришинче, Кыргызстан экономикасы эмгек мигранттары которгон акчаларга, айрыкча Россияда иштеп жаткан мигранттар которгон акчаларга көз каранды бойдон калууда.

2019-жылдын алгачкы эки айында мигранттар Кыргызстанга которгон акчанын көлөмү 344,6 миллион долларга (23 миллиард сом) жеткен. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. 2018-жылы чет өлкөдөгү кыргызстандыктар өлкөгө 2,7 миллиард долларга (188 миллиард сомго) жакын акча которушкан. Акчалай которуулардын 90%ы Россиядан келген.

Кыргызстандын ИДПсы 2018-жылы 8 миллиард долларга (559 миллиард сом) барабар болгон.

Бул экономикалык көрсөткүчтөр, Кыргызстан мамлекетинин экономикалык абалы өтө начар экендигин далилдеп турат. Россия саясий жана экономикалык кризиске кулап барууда. Кыргызстандын да Россия менен бирге экономикалык кризиске дуушар болушу күтүлүп жатабы? Жогорудагы экономикалык көрсөткүчтөргө ылайык, Россия мигранттар проблемасын Кыргызстанга басым өткөрүү куралы кылып алды.

 Якутияда мигранттарга карата атайын пайда кылынган нааразылык акциялары, кийинчерээк, Россиянын бир топ аймактарына жайылды. Мамлекет мындай провокацияларды каалаган убакта, каалаган аймакта уюштура алат. Демек, проблема 36 жаштагы якутиялык аялдын мигранттар тарабынан зордукталышында эмес, тескерисинче, Кыргызстандын экономикалык абалы Россиядагы мигранттар жөнөтүп жаткан акчаларга муктаж болуп калгандыгында!

Ар кандай мамлекет башка мамлекет менен өз кызыкчылыгы негизинде мамиле кылат. Демек, Россия да Кыргызстандын бул алсыз чекитинен сөзсүз пайдаланат. Кыргызстан Россиянын кызыкчылыгынан тышкарыда же өз кызыкчылыгы негизинде аракет кылары менен Россияда мигранттар проблемасы козголо берет. Кыргызстанга бир тараптан Россия мигранттар проблемасы аркылуу, башка тараптан болсо Кытай берген карыздары аркылуу басым өткөрөт. Кыргызстан аларды ыраазы кылуу негизинде саясат жүргүзүүгө мажбур.

Демек, мамлекет өз экономикасын мигранттардын акчасына же нефть сыяктуу сырьёлордон түшкөн кирешеге негиздеп алышы  өтө кооптуу жана кыйроого алып баруучу система экендиги көрүнүп турат. Буга Россиянын өзүн да мисал келтирүүгө болот. Россия да экономикасын нефть жана газ сатуудан түшкөн кирешеге негиздеп алышынын натыйжасында оор жана жеңил өнөржайы дээрлик жоюлуп кетти. Натыйжада экономикалык көзкарандылык жана төмөндүктү көздөй кулап барууда. Саудия да кудум ушундай, нефть соодасы менен күн көрөт. Мамлекеттердин мындай экономикалык абалы ички саясатта экономикалык санкцияларды көтөрө албай турган алсыздыкты пайда кылат. Натыйжада алар сырьё сатып алып жаткан мамлекеттерге толук көзкаранды болуп калышат. Бул нерсе, дүйнөлүк капитализм негизине курулган ката экономикалык системанын зулуму себептүү жүз берүүдө!

Кыргызстан да мындан тышкары эмес. Дүйнө жүзү зулум астында калды! Дүйнө жүзү зулумдан кутулуу жолдорун залимдер түзүп берген түзүмдөн издеп, ого бетер зулумга батып барууда! Залимдер эч качан өз ыктыяры менен мазлумдарга жеңилдик бербейт. Залимдер мазлумдардын башкаруу түзүмдөрүн адилеттүүлүк, теңдик, бакубат жашоо негизине куруп бербейт! Демек, бул түзүмдөн адилеттүүлүк издөөнү токтотуп, жакындап келе жаткан исламий мабдаъий дүйнөлүк башкаруу түзүмүн тосуп алууга шашылалы!!!

Абдурраззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here