Фалестина режими жүзүн өзгөртүүдө
«Маан» агенттигинин сайты хижрий 1440-жылы 7-шаъбан, миладий 2019-жылы 13-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Кече ишемби күнү Рамаллах шаарындагы президенттик администрацияда Фатх кыймылынын борбордук комитетинин мүчөсү доктор Мухаммад Штайе жетектеген жаңы өкмөт Фалестина мамлекетинин башчысы Махмуд Аббас алдында ант ичти».
Роя гезити:
Барына айдай ачык-айкын болгондой, 1994-жылдан бери байма-бай алмашып жаткан Фалестина өкмөтү Фалестина калкына эч бир тармакта жакшылык алып келбеди. Мисалы, саясий тармакта: яхудий вужуду дагы эле Фалестина калкына зулум кылып жатат. Экономикалык тармакта: адилетсиз салыктар жана залим мыйзамдар себептүү жакырчылык, жумушсуздук жана жаман шарт күчөгөндөн күчөп барууда. Анткени, ушул салык жана мыйзамдар режимге өлкө байлыгын талап-тоноого мыйзамдуу түс берет. Саламаттык тармагында: кайдыгерлик себептүү бул тармак бүтүндөй кыйрады жана ооруканалар буга жаркын далил. Таалим тармагында: бул тармак кризис жана кыйроого жүз тутууда, буга, таалим министрлиги четтен бузуку коомдор жана иш-чаралардын кирип келиши үчүн дарбазаларды ачып бергени себеп болду. Инфраструктурага келсек, бул тармак да ойрон болду жана буга өлкө байлыгын уурдоо, коррупция себеп болду. Кыскасы, каалаган тармакты карасаң, баарында абал ушундай.
Өкмөттөрдүн – алардын катарында, учурдагы өкмөттүн – өзгөрүшү коомдук пикирди чалгытууга гана каратылган. Режим ушул аркылуу өзүн жаңы көрүнүштө көрсөтүп, яхудий вужуду менен тынчтык орнотуу планын ишке ашырмакчы. Жаңы өкмөттүн абалы да мурунку он жети өкмөттүн абалынан айырмаланбайт. Кудум жылан эскирген терисин алмаштыргандай, режим да өкмөттөрүн алмаштырып турат. Демек, бул режимге таптакыр ишеним жок. Туткундарды куткарууда да, Аксаны азат кылууда да, адамдарды оор турмуш таризинен куткарууда да бул режимге таянып болбойт. Себеби, бул нерселердин негизги себепчиси анын өзү. О.э. яхудий вужудунун зулумун тыюуда да ага таянууга болбойт. Себеби, анын өзү ушул вужудду коргоп, аны менен кызматташып жатат.
Зулум-кордуктан, жаман турмуш таризинен, туткундарга колдонулуп жаткан кыйноолордон жана Аксанын тебеленүүдөн азат кылуунун жолу бар. Бул жол Умматта кайратты ойготуу, яхудий вужудун түп-тамыры менен жок кылуу үчүн Уммат армияларын жихадга сафарбар кылуу жолу. Мына ошондо себеп жок кылынышы менен ар-намыстар да корголот. Мындан башка жол болсо, убакытты текке кетирүүдөн тышкары, Фалестинадагы топтор ортосунда жаңжал чыгарат… жалган бийликтер, өкмөттөр, мансаптар, жасалма наамдарды талашып, бири-бири менен согуша турган топторго айлантат… бөлүнүү жана ыдыроолоруна алып келет.
Шаръий жана амалий жол мына ушундай. Бул жолдун узун же кыскалыгын, кимге оор, кимге жеңил туюлушунун айырмасы жок, өзгөртүү ишинде ушул жолдон гана жүрөбүз.
Роя гезити, №231, 2019-жыл, 24-апрель.