Исламга каршы күрөшүүдө жана аны бузуп көрсөтүүдө массалык маалымат каражаттарынын ролу

410
0

Исламга каршы күрөшүүдө жана аны бузуп көрсөтүүдө массалык маалымат каражаттарынын ролу

Асъад Мансур

Адам пикирлеп жатканда, маалыматтарды вакиъге байлап, аларды сезүү органдары аркылуу мээге узатып жатканда маалыматтарга муктаж. Массалык маалымат каражаттары маалыматтарды – алардын туура же туура эместигине карабастан – адамдардын пикирлөөсүнө таасир кылуу үчүн таратышат. О.э. тема жөнүндө адаштыруучу пикирлерди берет, натыйжада адамдар аларды кабыл алып, алардан таасирленишет. Массалык маалымат каражаттары белгилүү бир коомдук пикирди пайда кылуу үчүн адамдардын маалыматтарга жана пикирлерге карата канааттануусун пайда кылуу ыкмаларынан пайдаланат.

Ошондуктан, массалык маалымат каражаттары кабарларды жөн калтырып, адамдардын пикирлөөсүнө таштап коюшпайт. Тескерисинче, маалымат каражаттары өз кожоюндары белгилеген багытты кармап, ошол кожоюндарынын жана алардын артында турган мамлекеттердин пикирлерине жана багытына ылайык иш жүргүзөт. Ошондой болгон соң, эгер алардын кожоюндары кафир болсо, же алардын малайы, же жалдаган жумушчулары болсо, алар Исламга каршы күрөшүп жаткан кимселер болот.

Андыктан, өзгөчө исламий өлкөлөрдөгү массалык маалымат каражаттарын башкарып жаткан Батыш массалык маалымат каражаттары Исламга, анын даъватчыларына жана аны бекем кармап жаткандарга каршы арамза согуш алып барышууда. Алар адаштыруучу, жалган жана чындыкты бузуп көрсөткөн маалыматтарды таратышат. Мисалы, кабарлардын бир тарабын ачыктап, маанилүү тарабын этибарсыз калтырып, же чындыкты толук айтпай, же адаштырып, же бир тарабын мактап, экинчи тарабын бузуп, бир тарабына этибар берип, экинчи тараптан этибарды качырып таратат. Мындан тышкары, алар ушул согушта өзүнүн кызыкчылыгына ылайык кабар таратышат, мусулмандарды, өзгөчө исламий башкарууну тикелөөгө аракет кылып жаткандарды жаман көрсөтүү үчүн аларга түрдүү жарлыктарды коюшат.

Батыш тарыхчылары алардын калктары кресттүүлүк жүрүштөрүндө кандай адашышканын жана мамлекеттер жалганга таянганын жазышкан. Алар мусулмандарды жапайы жана бутпарас деп аташкан, Куддуси Шарифти таштанды таштай турган жайга айлантууда айыпташкан. Алардын дин башчылары жалганга таянып ушул сыяктуу үгүттөрдү айтышкан. Алар калктарды чиркөө менен шериктеш королдорго ээрчүүгө тукурушту.

Радио, телевидение, интернет, электрондук байланыш каражаттары жана смартфондор ойлоп табылган соң, абал дагы да туруктуу, мыкты жана жийиркеничтүү түскө кирди. Себеби, кабарлар же тасмалар ачык-айкын болуп көрүнүп турса да, жалган жана адаштыруучу пикирлер менен коштолду. Адамдардын назарында кабар агенттиктери жана массалык маалымат каражаттары ишеничтүү булакка айланды.

Алар тасмаларды, көрсөтүүлөрдү, сериялдарды жана интернеттеги видеолорду Ислам жана мусулмандарды жаман көрсөтүү үчүн пайдаланышты. Алар мусулмандарды канкор, хазаратты түшүнбөгөн, аялдарды кордогон, жахил, көрүнүшү куник, жумушчулары жийиркеничтүү, кийимдери ыплас, акыл жүргүзүшү тайыз деп сүрөттөштү. О.э. мусулмандардын жетекчи жана башчылары катынпоз, аялдар соодасы менен алектенген, дини ырым-жырычыл, эли артта калган жана жакыр, түрдүү оорулар мекени деп сүрөттөштү. Мындан тышкары, Исламга байланыштуу нерселер туурасында күмөн ойготууга жана андан коркутууга аракет кылышты. Ал эми, Батышты, илманийлерди жана демократтарды тынчтыкты сүйүүчү, маданияттуу, аял жана адамды урматтаган, байлыкты өз ордуна иштеткен, проблемаларды адилет чечкендей сүрөттөштү. О.э. пайдалуу чечимдерди издеп таба турган, жаркын пикирлеген, аял жана балдарга жардам берген, муктажка көмөктөшкөн, карамүртөздүккө каршы күрөшкөн жана адамзатка жакшылык жая тургандай кылып сүрөттөштү. Голливуд фильмдери, Батыш жана Америкада иштелип чыккан башка фильмдер дал ушул нерсени үгүттөдү.

Алар түрдүү терминдерди кабыл алышат. Мисалы, өткөн кылымдын сексенинчи жылдары исламий пикирлөөнү фундаментализм, Ислам үчүн аракет кылып жаткан мусулмандарды фундаменталист деп аташты. Бирок, бул иште ийгиликке жетишишпеди, себеби, бул сөздүн мусулмандардагы вакиъси Батыштагы вакиъсинен айырмаланат. Себеби, аларда фундаментализм дегенде жөнөкөй жана башталгыч Масихий турмушка кайтууну, маданият формаларын четке кагууну түшүнүшөт. Ошондуктан, алар бул иште ийгиликке жетише алышпады жана өз күрөштөрүн күчөтүү үчүн Исламды терроризмге жана кысымга теңешти.

Франция президенти Макрон 2018-жылы 9-июлда Франциянын Ислам жана мусулмандарга карата душмандыгын тан алып, мындай деди: «Исламда биздин мыйзамдарыбыздан шектенип жаткан душмандыкты көрүү мүмкүн. Биздин мыйзамдарыбыз – диний мүнөзгө ээ эмес эркин мамлекетке жана эркин коомго негизделген». Мусулмандар Батыштын эки жүздүүлүгүн, эркиндик жана теңдик сыяктуу сөздөрү жалган экенин түшүнүп жетишти о.э. Батыш мусулмандарды эркиндиктен куру калтырып, Ислам жана мусулмандарга душман кишилерге эркиндик беришин түшүнүштү.

Айрым мусулмандар исламий өлкөлөрдө же Батыш мамлекеттеринде Батыш колонизаторлугуна каршы күрөшүп, кээде куралдуу чабуулдарды да жасашты. Колонизатор мамлекеттер, алардын исламий өлкөлөрдөгү малай режимдери бул чабуулдардан пайдаланышты. Түрдүү чабуул жана жардырууларды алар өздөрү уюштуруп, Исламды бузуп көрсөтүү, мусулмандарга каршы чабуулдарын актоо максатында бул чабуулдарды мусулмандарга оодарышты. Кийин, бул чабуулдар массалык маалымат каражаттары үчүн даяр материалдарга айланды, ушул аркылуу Исламдын башкарууга кайтышын алдын алуу, мусулмандардын ойгонушуна жол бербөө жана өздөрүнүн Ислам жөнүндөгү көз караштарын ырастоого урунушту. Бүгүн көрүп турганыбыздай, дүйнө мамлекеттери Исламга каршы чабуулдарда терроризмге каршы күрөштү шылтоолоп келишет. О.э. бул режимдерди элдик козголоңдордон коргоо максатында массалык маалымат каражаттарынан пайдаланышууда. Алар калктарды аракетке үндөп жаткан нерсе Ислам экенин, эл зулум, зомбулук жана акаараттоолордон азат болуу үчүн Исламды колдонууга урунуп жатышканын билет.

Америка тышкы иштер министри Помпео 2019-жылы 10-январда Мисирге сапар кылып, Америка Мисир президенти Сисийди Исламга каршы күрөшүндө колдоп-кубаттап жатканын, анын артында турганын жашырбады. Ал өз билдирүүсүндө мындай деди: «Америка Жакынкы Чыгыштагы бардык досторубузга коркунуч туудуруп жаткан терроризмге каршы күрөштө Сисий менен бирге… Радикал Ислам коркунучу тамаша эмес, реалдуулук». Демек, Исламга каршы күрөш айрым куралдуу чабуулдардын натыйжасы эмес. Тескерисинче, бул күрөш Батыш Исламды өзүлөрү жана аларга малай режимдерге коркунуч деп жатышканынын, мусулмандар Исламды башкарууга кайтаруу максатына жетишишсе регионду Батыштын чеңгелинен куткарып, байлыктардын талап-тонолушуна чекит коёрун билишкенинин натыйжасы болуп эсептелет.

Коомдордун абалы жана заманбап ачылыштар себептүү массалык маалымат каражаттары жана электрондук байланыш тармактары адамдардын жашоосуна таасир көрсөтүүдө маанилүү роль ойноодо. Ошондуктан, аларга кайдыгер карабоо лазым. «Важиб эмне менен ишке ашса, ошол нерсе да важиб» деген коидага ылайык, алардан пайдалануу фарз. Душмандарыбыз Исламга, мусулмандарга жана Ислам жолунда аракет кылып жаткандарга каршы чабуулда алардан пайдаланып жатат, ооздору менен Аллахтын нурун өчүрүүнү каалап жатышат. Ошондой болгон соң, кафирлер жана алардын малайлары жактырышпаса да, Аллах биз аркылуу Өз нурун толук жайышы үчүн болгон мүмкүнчүлүгүбүз менен ушул нерсеге этибар беришибиз керек. Ошондуктан, темага байланыштуу пунктуларды төмөндөгү таризде тартиптештирдик:

  1. Массалык маалымат каражаттарынын жалган жалааларын ачып таштоо.
  2. Болгон мүмкүнчүлүк менен аларга каршылык кылуу жана бул иште бардык каражаттардан пайдалануу.
  3. Ислам үчүн аракет кылып жаткандардарды эскертүү жана аларга таасир өткөрүү үчүн алар менен массалык маалымат каражаттары аркылуу байланышуу.
  4. Мыкты каражаттар менен күчтүү исламий массалык маалымат каражаттарын пайда кылуу.
  5. Ар бир мусулманды мүмкүнчүлүгү барынча электрондук байланыш каражаттары аркылуу байланышууга үгүттөө.
  6. Мусулмандарды туура жолго багыттоо үчүн калыс жигиттерди даярдоо.
  7. Бардык исламий күчтөргө, партияларга, жамааттарга, уламаларга жана муфаккирлерге өз жоопкерчиликтерин жүктөө жана иш жүзүндө аларды шерик кылуу.
  8. Батыш өлкөлөрүндө жашап жаткан мусулмандарга өз вазыйфаларын белгилеп берүү. Себеби, Ислам жөнүндөгү элести жакшыртуу жана Батыш массалык маалымат каражаттарынын сөздөрүн четке кагуу, адамдар менен байланышып, аларга кайрылууда аларга чоң жоопкерчилик жүктөлөт.
  9. Эң маанилүү нерсе т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылуу. Халифалык мамлекет ичинде бардык малай жана жалданган кимселерди жок кылат. О.э. мамлекет тышындагы чабуулдарды кайтарып, аларга каршы чабуул жасайт.

وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلاً مِّمَّن دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِينَ

«Аллахка даъват кылган жана салих амал кылып, албетте мен мусулмандарданмын, деген кишиден да жакшы сүйлөөчү ким бар?» [41:33]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here