Хизб-ут-Тахрир–Белгия пикирий-саясий семинар өткөрдү

331
0

Хизб-ут-Тахрир–Белгия пикирий-саясий семинар өткөрдү

Хизб-ут-Тахрир–Белгия хижрий 1440-жылы 1-шаъбан, миладий 2019-жылы 7-апрель күнү Белгиянын Лиги шаарында «Адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөт» деп аталган пикирий-саясий семинар өткөрдү. Бул семинар Халифалык мамлекети кулатылганынын 97 жылдыгына карата Хизб-ут-Тахрир алып барган эл аралык иш-чаралар алкагында өткөрүлдү. Белгилүү болгондой, Хизбдин ушул эл аралык иш-чаралары колонизатор мусулмандарга кафирдин Расулуллах ﷺ тикелеген мамлекетти кулатуудагы ролун эске салууну, бул мамлекеттин кулашы артынан мусулмандардын алсыздыктан, бөлүнүүлөрдөн жана чыр-чатактардан башы чыкпай калганын баса белгилөө, бул мамлекетти кайра тикелөөгө чакырууну көздөйт.

Залда конокторго толгон жыйын Куръани Карим аяттарын тилават кылуу менен башталды. Кийин устаз Мухаммад Ясин «Адамзаттын вахийге муктаждыгы» деген аталышта баяндама окуду. Баяндамада бул вахийге ыйман келтирген Үммөттүн кантип бүткүл адамзатка жетекчилик кылышы, чыныгы ойгонууга жеткирүү жоопкерчилигин өз мойнуна алгандыгы айтылган. Экинчи баяндаманы Түркиядан келген шейх Абдуллах Имамуглу окуду. Шейх өз сөзүндө Ислам Үммөтү адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөт даражасына кайтышы үчүн колонизатордун баткагынан кантип чыгышы жөнүндө баян кылды. Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо канчалык маанилүү экенин, мусулмандардын ушул тагдырий маселесин чечүүнүн жолу Үммөт кайра өнүгүп, өзүнүн жогору даражасына чыгуу жана намысын кайра тикелөө экенин ачыктап берди. Ушуну өзүнчө баса белгилөө зарыл, шейх Абдуллах сөзүнүн аягында Халифалык жана халифалардын тарыхынан көптөгөн мисалдарды келтирди.

Роя гезити, №230, 2019-жыл, 11-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here