Чыгыш Түркстандагы уйгур мусулмандарын колдоп Хизб-ут-Тахрир делегациялары Кытай элчиликтерине визиттерди жасашууда
Белгилүү болгондой, Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмү Чыгыш Түркстандагы уйгур мусулмандарын колдоп «Кытайдын Чыгыш Түркстандагы зомбулугуна рошид Халифалык мамлекети гана чекит коёт» деген аталышта эл аралык кампания баштаган. Ушул кампания алкагында Хизб-ут-Тахрирдин немис тилдүү регондордо түзүлгөн делегациясы Австрия борбору Венадагы Кытай элчилигине эскертүү билдирүсүн тапшырды. Делегацияны Хизб-ут-Тахрирдин немис тилдүү региондордогу маалымат өкүлү мухандис Шаким Асим жетектеди. Делегация элчиликке тапшырган билдирүүдө Кытай режими Чыгыш Түркстан вилаятындагы мусулмандарды үрөй учурган азап-кыйынчылыктарга салып жактаны баян кылынган. О.э. билдирүүдө Кытай режими эскертилген, жакында Ислам Үммөтү рувайбиза малай акимдерди кулатып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелеши, бул Халифалык бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды коргору, аларга азар жана зулум жеткирген ар бир кимсени жоопко тартары баса белгиленген.
Андан тышкары, Хизб-ут-Тахрирдин Европадагы делегациясы ушул билдирүүнү Голландиянын Гаага шаарындагы Кытай элчилигине тапшырууга аракет жасады. Бирок, бул элчилик делегацияны кабыл албады жана билдирүүнү да алуудан баш тартты, полиция чакырып, делегация мүчөлөрүн иликтөөнү талап кылды. Негизи, Хизб бул элчиликтен ушундай орой мамилени күткөн. Чыгыш Түркстандагы уйгур мусулман диндештерибизге каршы Кытай режими жасап жаткан кылмыштарга элчилик да шерик.
Роя гезити, №230, 2019-жыл, 11-апрель.