Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү Судан аскерий кеңешинин жыйынында Халифалык мамлекетин тикелөөгө чакырды

582
0

Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү Судан аскерий кеңешинин жыйынында Халифалык мамлекетин тикелөөгө чакырды

Мындай окуя Суданда алгачкы жолу жүз берди. Хизб ут-Тахрир Судан вилаяты Борбордук байланыш комитетинин жетекчиси доктор Носир Ризо учурда Судан өкмөтүн ээлеп алган аскерий кеңештин мүчөлөрүн Рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө ачык даъват кылды. Аталган кеңештин жыйынындагы анын даъваты төмөнкүдөй болду:

– Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух. Баарыңарга белгилүү болгондой, бул жыйын, аалымдар, даъватчылар жана өлкөдө башкарууну колго алган адамдар, башкача айтканда, аскерий кеңештин мүчөлөрү ортосундагы жолугушуу. Алдын ала айта кетерим, башкаруу – бул жоопкерчилик. Эгерде бүгүн өкүм жүргүзүп жаткан болсоң, эртең мындай болбошу мүмкүн. Расулуллах саллоллоху алайхи васаллам “Ал (башкаруу) аманат. Ал кыямат күнүндө шерменделик жана өкүнүч. Болгону, башкаруунун акысын өтөгөн адамдар мындан тышкары”, – деген. Аллах Таала силерге кайрылып айтат:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْكَافِرُونَو(……الظَّالِمُونَ)    و(……الْفَاسِقُونَ)

  • Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер. (……..залимдер). (………фасыктар).

Ошондуктан айтарым, Аллах Таала бизге т.а. жарандарга жана акимдерге карата айтат:

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

  • Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт.

Ушундай болгон соң, биз да, силер да Аллахтын өкүмдөрүнө моюн сунушубуз керек. Бул өтө чоң жоопкерчилик болуп, ар бир мусулман эркек жана аял буга моюн сунушу важиб. Расулуллах саллоллоху алайхи васаллам: “Силерден көп жашаган киши көптөгөн ихтилафтарга күбө болот. (Мына ошол кезде) Менин жолумду жана туура жолдогу рошид халифалардын жолун бекем кармангыла”,  – деген.

Эй азиз боордоштор! Негизги маселе аскерий жыйында же жарандык өкмөттө өкүм жүргүзүү маселеси эмес. Негизги маселе – бул Аллахка пенделик кылышбыз жана адамдардын Аллахка пенделик кылышын камсыздоо маселеси. Бул болсо, Аллахтын Шариятын тикелөө жана Аллахтын өкүмдөрүн аткаруу о.э. Аллахтын шариятын өкүм чыгаруучу кылуу менен болот. Бир сөз менен айтканда, негизги маселе ушул.

Силер мүмкүнчүлүк, күч-кубат ээси болуп эсептелесиңер, шарият тарабынан силерге жүктөлгөн милдет – Ансарий сахбалар сыяктуу (Аллах алардан ыраазы болсун) бузук түзүмдү түп-тамыры менен сууруп таштоо. Силердин милдетиңер пайгамбарлык минхажы негизиндеги Рошид Халифалык мамлекетинде Аллахтын дини жана шариятын тикелей турган Халифага Байъат берүү. Силердин негизги милдетиңер мына ушул!

Азиз боордоштор! Бул кайрылуу жалаң гана туйгуга каратылган кайрылуу эмес. Бул жерде Расулуллах саллоллоху алайхи валалламдын манхажы жөнүндө сөз болуп жатат. Ал зат“менден кийин пайгамбар болбойт, халифалар болушат жана алар көп болушат” деп, өзүнөн кийинки ишти Халифаларга байланыштырды. Бул жерде негизги маселе пайгамбарлык минхажы негизиндеги Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө. Башкарууну эч качан светтик-жарандык өкмөткө тапшырбагыла. Башкарууну Аллахтын Шарияты менен өкүм жүргүзүшү үчүн халифага байъат берүүчү Үммөткө тапшыргыла. Мойнуңардагы важиб иш жана анын далилдери мына ушул. Инша Аллах, мына ошондо ар бир өлтүрүлгөн жан жана төгүлгөн кан үчүн адилеттүүлүк кылынган болот. Экинчи маселе, тартып алынган акы-укуктарды жана талап-тонолгон мал-дүйнөлөрдү кайтаруу. Бул экинчи талап. Үчүнчү талап болсо, өлкө калкынын келечеги болгон Үммөттүн байлыктары “чет өлкөлүк инвестиция”ларга сатылып кетти. Муну дароо токтоткула.

Силерге да, өзүмө да, ар бир ишти Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылууну насаат кыламын. Исламий өлкөлөрдүн башына келген балээлердин бардыгы кафирлерге дос болгон кишилерге бийликти тапшыруунун натыйжасы болду. Биз бүгүнкү күндө да Американын буйругуна моюн сунуп жаткандар бар экендигин көрүп турабыз, ушул өкмөт жана жыйындагылар менен биринчи болуп америкалык жана европалык элчилер жолугушту. Сак болгула. Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا عَدُوِّي وَعَدُوَّكُمْ أَوْلِيَاءَ تُلْقُونَ إِلَيْهِمْ بِالْمَوَدَّةِ

  • Эй момунар, Менин душманым жана силердин душманыңар (болгон мушриктер) ди дос тутпагыла!

Биздин өлкөбүзгө келген жамандыктар кафирлер себептүү келди, кафирлер менен дос болуудан этият болгула”.

Жазакумуллоху хайрон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here