Эй Фалестина эли! Кылмышкер Мисир, Иордания жана Саудия үчтүгүнөн этият болгула

331
0

Эй Фалестина эли! Кылмышкер Мисир, Иордания жана Саудия үчтүгүнөн этият болгула

Эй мубарак Фалестина жериндеги элибиз! Акимдер Фалестинага каршы эң чоң кылмышты, эң жаман кыянатты максат кылышууда, бул Осло келишиминдеги кыянаттардан кем эмес, алардын 67-жылдагы кыянаттарынан да, 48-жылдагы кыянаттарынан да кем эмес. Бул саткындар Фалестинага каршы болуп көрбөгөн карамүртөз кылмышты көздөп жатышат. Бул жолку кыянат – саткындардын жана кылмышкерлердин үчтүгү т.а. Мисир, Иордания жана Саудия акимдеринин кыянаты. Бул ыплас ишке Фалестинадагы ушул кылмышка кызыкдар жана жалданган арамза кимселер шерик болууда. Ошондуктан, биз Фалестина элин жана калыс перзенттерин бул арамзаларга ишенүүдөн же алардын оюн тузагына түшүп калуудан сак болууга чакырабыз. Фалестина режими саткындыкка биротоло малынды. Мусулман өлкөлөрүнүн акимдери төмөндүккө барышты. Куфр башы Америка жана башка Ислам душмандары аларга мындай деп жатат: силер мына ушундай кордукка, ыйык жерлериңердин тебеленишине, байлыктарыңардын таланышына, бизге чөгөлөөгө ыраазы болосуңар же силерди да кыргын, качкындык, ойрондулук тагдыры күтүп турат.

Эй элибиз! Бул Ислам душмандары динибизди, перзенттерибизди, намысыбызды жана ыйык жерлерибизди бутага алышты, намысыбызды тебелешти. Мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер алардын кылмыштарын жаап, жардам берип, тил бириктирип келишүүдө.

Бул абалыбызга чекит коюунун жападан жалгыз жолу – Аллахтын арканын бекем кармоо, кылмышкерлерден жана саткындардан баш тартуу, Фалестина маселесин түпкү ээси болгон Исламга кайтаруу, Умматтан жана анын армиясынан нусрат талап кылып, рошид Халифалыкты тикелөө жана Куддус Шарифти азат кылуу.

Андыктан, оболу Аллах Азза ва Жаллага, кийин Умматыңарга таянгыла. Бул Умматты Аллах Ислам үчүн тандаган. Бүгүн Уммат уктап жаткан болсо да, Уммат өзүнүн калыс эр кишилеринин аракети менен эртең ойгонот жана рошиддердин тарыхын кайра баштайт. Анткени, биздин колубузда Аллахтын убадасы жана Расулу ﷺдын башараты бар. Биз Куддус Шарифке Халифалык келишине ишенебиз. Аллах Тааланын ушул сөзү жөнүндө ой жүгүрткүлө:

إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ

«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтиргендерге дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр тура турган күндө да жардам беребиз» [40:51]

Роя гезити, №229, 2019жыл, 10апрель.

Роя газетасининг 2019 йил 10 апрел чоршанба кунги 229-сонидан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here