Хизб–ут-Тахрир–Фалестина Газа секторунда чоң жүрүш өткөрдү
Хизб-ут-Тахрир–Фалестина 2019-жылы 4-апрель күнү Газа секторунун борбор районунда чоң жүрүш өткөрдү. Бариж качкындар лагериндеги жамиъ мечиттен Нусайрот качкындар лагерине чейин багыт алган бул жүрүш Хизб Халифалыктын кулатылгандыгынын 98 жылдыгына байланыштуу өткөрүп жаткан иш-чаранын алкагында болду.
Иш-чарада ак ливалар жана кара роялар көтөрүлдү, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө чакырган ураандар айтылды.
Жүрүштүн соңунда Хизб-ут-Тахрир–Фалестина мүчөсү устаз Халид Саид Хизб атынан сөз сүйлөп, Фалестинадагы уюмдарга жана кыймылдарга насихат жолдоду, аларды малай режимдердин тузагына түшүп калуудан эскертип, Аллахтын арканын бекем кармоого чакырды. Халид Саид Фалестина кайрылуу жасап, сабырдуу жана бекем болууга, Аллахтын буйругуна итаат кылып, Расулуллах ﷺдын Исро жерин коргоого чакырды.
Устаз Саид мусулман армияларына кайрылып мындай деди: «Хизб-ут-Тахрир Газадан силерге кайрылуу жолдоодо. Бул мубарак жер мусулман өлкөлөрүнүн бермети. Бул жер Расулуллах ﷺдын Исро жана Миърожу. Андыктан, душманыңарга каршы аракетке келип, элиңерге нусрат-жардам бергиле. Араңарда Газага жана Фалестинага жардам берүүгө аттанган акылдуу эр кишилер жокпу?!».
Роя гезити, №229, 2019–жыл, 10–апрель.