Чыгыш Түркстандагы диндештерибизди колдоп-кубаттап Хизб-ут-Тахрир делегациялары Кытай элчиликтерине барышты
Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Руштанын тапшырыгы негизинде, Хизб делегациялары бүткүл дүйнө бойлоп Кытай элчиликтерине барышты. Делегациялар элчиликтерге Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмү тарабынан чыгарылган «Халифалык Чыгыш Түркстанды азат кылат жана уйгур мусулмандарын кылмышкер Кытайдын зулумунан куткарат» деп аталган билдирүүсүн тапшырышты. Бул иш-чара Чыгыш Түркстандагы мазлум диндештерибизди колдоп Хизб баштаган эл аралык кампаниянын алкагында өткөрүлдү.
Билдирүүдө мындай делет:
«… Кытай режими диний ырасымдарга, мубарак рамазан айында орозо кармоого тыюу салуу, мечиттерди жабуу жана Исламдын ар кандай көрүнүшүнө каршы күрөшүү аркылуу мусулмандарды динден чыгарууга урунуп жатат. Жада калса, Кытай режими «терроризмге каршы күрөш» аталышында миллиондон ашуун мусулманды кармоого белгиленген үлкөн абак лагерлерин курду. Алардын айтымында, бул лагерлер мусулмандарды «кайрадан тарбиялоо» максатын көздөйт.
Мусулмандар бул зулумдарга жана адилетсиздикке сүкүт сактап, уктап жата беришпейт. Жакында – Аллахтын уруксаты менен – тикелене турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык Чыгыш Түркстандагы мазлум бурадарларыбызга шексиз жардам берет жана аларга зулумдук, душмандык кылган ар бир кимсени шексиз эсеп-кысап кылат. Расулуллах ﷺ айтты:
«إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يٌقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Имам – бул калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат». Ошондо Кытай да, башкасы да бир да мусулманга азар бере албайт. Анткени, алар ар бир зомбулук үчүн эки эсе өч алынышын абдан жакшы билишет».
Роя гезити, №229, 2019–жыл, 10–апрель.