Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланды

314
0

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланды

Март айынын аягында Казакстан президенти кызматына киришкен Касым-Жомарт Токаев өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлүшүн билдирди. Кабарда келишинче, Казакстан президенттигине шайлоо, күтүлгөндөй кийинки жылы эмес, үстүбүздөгү жылдын 9- июнунда болуп өтөт.

Казакстан конституциясына ылайык, кезексиз  шайлоо жарыяланган күндөн баштап, 2 айдын ичинде өткөрүлөт. Ошентип, шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өткөрүлө турган болду.

 Касым-Жомарт Токаев жарандарга кайрылуусунда: “Мен Эл башы Нурсултан Назарбаев менен кеңештим, өкмөт башчылар,парламент төрагалары, Конституциялык кеңешжана партиялардын жетекчилери менен сүйлөштүм. Бул өтө маанилүү кадам. Президенттик шайлоону 2019-жылдын 9-июнунда өткөрүү чечимин кабыл алдым”, – деди. Аталган кайрылууну жергиликтүү телеканалдар көрсөтүштү.

Белгилүү болгондой,19-мартта Казакстандын биринчи президенти, өлкөнү 29-жыл  башкарган Нурсултан Назарбаев мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткен. Мыйзам боюнча анын ыйгарым-укугу парламент спикери Касым-Жомарт Токаевге өткөн.

Токаев өлкөнү шайлоого чейин – мурдагы президенттин мөөнөтүнүн аягына чейин т.а. 2020-жылдын апрель айына чейин – башкарышы керек эле. А бирок, эми ал президенттик кызматты жаңы шайланган президентке тапшырат.

Токаевдин инаугурациясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева парламент спикери болуп шайланган.

Нурсултан Назарбаев болсо Казакстан Коопсуздук кеңешинин төрагасы жана “Нур Отан” партиясынын жетекчиси кызматтарын сактап калды. О.э. ал Конституциялык кеңештин мүчөсү болуп эсептелет. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here