Малай акимдердин козголоңдорго каршы биригиши козголоңдорду токтото албайт
Ахмад Хутваний
Кимде-ким малай акимдер түрдүү алдоолор жана адамдардын кайратын сындырууга каратылган чалгытуулар аркылуу элдик козголоңду токтото алат деп ойлосо жаңылышат. Бул ыплас ыкмалар аким топтун фитналарын түшүнгөн, оюндарын ачып таштаган жана алардын жалган убадаларына ишенимин жоготкон көчө толкунун токтото албайт.
Мисалы, бул ыкмалар акыркы козголоңдор жүз берген Судан жана Алжирде ачыкка чыкты жана шерменделикке учурады. Бул ыкмаларды жетектеп жаткан кишилер көздөлгөн ыплас максаттарын ишке ашыра албады. Алардын тамтыгы чыккан ыкмалары ийгиликсиздикке учурады, алардын ыплас ниеттери жана арзыбас умтулуулары ачыкка чыкты.
Мисалы, Суданда Башир козголоңдорду бастыруу үчүн эски ыкмаларды ишке салды. Т.а. жаңы өкмөттү дайындоо, өзгөчө кырдаал жарыялоо, өзүнө малай аскерийлерди дайындоо, реформалар жөнүндө жаңы жана жалган убадаларды берүү, конституциялык өзгөртүүлөр сыяктуу ыкмаларды ишке салды.
Алжирде болсо Бутефликага жамынган өкмөт жетекчилери Судандагыга окшош чечимдерди кабыл алды. Мисалы, жаңы премьер-министр дайындоо, шайлоолорду токтотуу, Бутефликанын бешинчи мөөнөттөн баш тартышы, конституциянын айрым беренелерин өзгөртүү үчүн саясий конференция уюштуруу, демонстрацияларды жана элдик кыймылды басаңдатуу үчүн бир жыл ичинде Бутефликасыз жаңы шайлоолорду өткөрүү жана башкалар.
Бирок, бул ыкмалар демонстрацияларды токтото албады. О.э. Алжирде да, Суданда да элдик козголоңдор тынчыган жок. Элдик кыймылдын талаптары күндөн-күнгө көбөйүп барууда. Ураандар экономикалык талаптарга гана чектелип калбастан, режимди кулатуу жөнүндөгү ураандар жаңыра баштады.
Өткөн жумада Алжирдеги жүрүштөрдө жаңы ураандар көтөрүлдү: «Мөөнөттүн өзгөртүлүшүнө орун жок», «Эй Бутефлика, сен үчүн бир мүнөт да мөөнөт жок», «Чет элдик аралашууга жол жок», «Исламий мамлекетти каалайбыз» ж.б..
Адамдар коркууну унутту жана элдин кыжыры вулкандай жарылды. Суданда да, Алжирде да мамлекет көчөнү тынчтандыра албады. Оппозиция болсо козголоңчулардын арасына кире албады. Эки мамлекет саясий жана пикирий күрөштөн турган жаңы баскычка кирди. Исламий өлкөлөрдү силкинте турган жаңы козголоңдор толкуну көрүнө баштады.
Мусулман өлкөлөрүндөгү саясий багыттын туңгуюкка кептелиши жетик саясий өзгөрүү амалиятын баштоо үчүн эшиктерди ачат. Бул болсо, шек-күмөнсүз Үммөттү куткара турган, өнүктүрө турган жана ойгото турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө менен аяктайт.
Колонизаторлордун малайлары болгон тагут акимдер бирер реформаларды жүргүзө албады. О.э. алар Үммөт душмандарына каршы эч нерсе кылышкан жок. Алар адам укуктарын жана баалуулуктарын коргой алышпады, душмандын, кафир мамлекеттердин пландарын аткарышты. О.э. алар терроризм шылтоосунда Исламга каршы күрөшкө аралашты. Булардын баары козголоңдордун дагы да күчөшүнө жана жалындашына, Үммөт чыныгы өзгөрүүгө карай ишеним менен жүрүшүнө түрткү болду.
Бүгүн мусулман өлкөлөрү Батыш сакафатынан таасирленген кишилердин ийгиликсиз улутчулдук менен мекенчилдик жолунун аягына жетип келди. Мусулман өлкөлөрү кайра ойгонуу жолуна өтүшүнүн убагы келди. Бул өлкөлөр Усманий мамлекет кулатылгандан кийин жүз жыл аралыгында түрдүү пикирий жана саясий тажрыйбаларды башынан өткөрүштү. Бирок, алардан ойрондулук, кыйроо гана калды. Ошондуктан, мусулман өлкөлөрү өзүнүн Исламына, ыйманына, башбаанегине жана булагына кайтышынын убагы келди.
Исламий өлкөлөр Ислам башкаруусуна, Ислам мамлекетине жана Үммөттү азиздик, бийиктик чокусуна көтөрө турган Пайгамбарлык минхажы негизидеги рошид Халифалыкка кайтуу аркылуу өздүгүнө жана тамырына кайтат.
Роя гезити
Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла! Оо, Шам…
Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…
Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…
Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…
Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…