Кытайдын ырайымсыздыгынын тушунда Чыгыш Түркстан кризиси
Билал Мухажир
Кытайдын кудайсыз өкмөтү уйгур мусулмандарына карата бардык түрдөгү кылмыштарды жасоодо. Кытай хижрий 1174-жылы, миладий 1760-жылы «Чыгыш Түркстанды» басып алып бир миллиондон ашык мусулманды өлтүргөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин жырткыч айбандар жасабаган кылмыштарды жасап келди. Кытай мамлекети эл аралык сахнада бүгүнкү күндө Америка менен атаандашып, өнүгүүгө жетишкен мамлекет экендиги менен мактанса да, бул мамлекет миллиондогон мусулмандарды өлтүргөн ата-бабаларынан калышпайт. Ал мусулмандарды өлтүрүүдөн тышкары, аларды дининен фитналандырууда т.а. динди карманышына жол бербей жатат.
«Фитнага салуу өлтүрүүдөн да жаманыраак» [2:191]
Акыркы убактарда Кытай өкмөтү Аллахтын динине каршы күрөшүүдө, мусулмандарга кол салууда жана жакшылыкты билбөөдө чектен чыкты. О.э. Кытайдагы, өзгөчө Чыгыш Түркстандагы боордошторубузга каршы түрдүү кылмыштарды жасоодо алдыга озуп кетти. Кытай түрдүү мыйзамдар иштеп чыгуу аркылуу мусулмандарга каршы кылмышын жасады. Алардын айрымдарын көрсөтүп өтөбүз:
- Рамазан айында мусулмандарга орозо тутууларына тыюу салуу.
- Чыгыш Түркстан регионунда эркектерге сакал коюуга жана аялдарга никаб кийүүгө тыюу салуу.
- Мусулмандардын жаңы төрөлгөн балдарына «Мухаммад», «Жихад» жана «Мужахид» сыяктуу динине жана итикатына байланыштуу ысымдарды коюуга тыюу салуу.
- Мусулман перзенттерин намаз, орозо жана чырайлуу кулк сыяктуу Ислам талаптарын аткарууга «кызыктырган» кишилерди камоо.
- Үй-бүлө жетекчилерин өз перзенттерин мамлекеттик мектептерге жиберүүгө жана мусулмандарды жок кылууга багытталган «үй-бүлөнү тартиптештирүү» саясатын аткарууга мажбурлоо. О.э. бир гана диний иш-чаралар аркылуу турмуш курууга тыюу салуу.
- Чыгыш Түркстан регионунун калкынын бийликке кабар бербестен сапарга чыгуусуна жол бербөө үчүн паспортторун тапшырууга мажбурлоо.
- Мусулмандар өз үйлөрүндө эмне иш менен алектенип жатышканы жөнүндө кабар берип туруу жана мусулмандарды исламий жашоо таризине ылайык жашап жатканы туурасында эсеп-китеп кылуу үчүн алардын үйлөрүнө тыңчыларды жайгаштыруу.
Жогорудагыларга кошумча Кытай бийлиги өлкөдөгү, өзгөчө Чыгыш Түркстандагы мусулмандарды акаараттаган дагы көп нерселер бар.
Кытай өкмөтү күрөшүп жаткан мусулмандар илахий рисалат жана жогору хазарат ээлери. Алардын шахсиялары аманат, садакат, абийир жана рахмат менен өзгөчөлөнүп турат. Кытай жаман адамдар деген жүйө менен аларга каршы күрөшүп жатат. Бирок, алар адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы уммат. Ошондуктан, алардын абалы Лут алайхиссалам коумунун абалына окшойт.
أَخْرِجُوهُمْ مِنْ قَرْيَتِكُمْ إِنَّهُمْ أُنَاسٌ يَتَطَهَّرُونَ
«Аларды (т.а. Лут жана аны ээрчигендерди) айылыңыңардан чыгарып жибергиле! Себеби, алар чектен ашык пакиза адамдар экен» [7:82]
Кытайлыктар алардын динине, садакатына жана абийирине көрө албастык кылышууда.
Кытайдын кудайсыз өкмөтү өзү айткандай мусулмандар террорист болушканы үчүн аларга каршы күч колдонуп жаткан жок. Акыйкатта болсо, бул күрөш жырткычтыктын башы болгон Америка жетектеген Ислам жана мусулмандарга каршы эл аралык кресттүүлүк чабуулуна шайкеш алып барылууда. Кытайлар бул кылмыштары үчүн жаза албашын билишкендиктен минтип чектен чыгып жатышат. Чыгыш Түркстандагы боордошторубуз түрк тилдүү калктардын катарына кирет. Бирок, түрк тилдүү акимдер Исламга душмандык кылууда Кытай акимдеринен калышпайт. Алар Исламга жана мусулмандарга каршы согушта жырткычтыктын башы болгон Америка менен шериктеш. Эгер, түрк тилдүү акимдер Исламга садакаттуу болушканда же тектик намысы болгондо Чыгыш Түркстандагы боордошторуна жардам берүү үчүн түрк тилдүү өлкөлөрдүн армиясын ишке салышмак. О.э. Кытайды Ислам жана мусулмандарды урматтоого жана мурункудай жизя төлөөгө мажбур кылышат эле. Ал эми, Кытайга кошуна ядролук мамлекет болгон Пакистан акимдери Чыгыш Түркстандагы боордошторубуздун абалы алардын ички иши деп эсептешүүдө. Алар залим Кытай өкмөтүнүн жасаган иштерине «ишенишет». Бул нерсе Пакистан президентинин билдирүүлөрүндө ачык көрүндү. Алар исламий боордошторунун акысын Кытай өкмөтү тебелеп жатканына унчукпай карап турушууда. Эмнеге антпесин, акыры алар кече Кытайдан дегээли төмөн жана андан армиясы алсыз мамлекетке Кашмир маселесин бекерге беришти го? Алар өзүлөрү Кытай сыяктуу залим, андыктан алар Кытайды зулумдан кайтарышат беле?
Эй Кытай акимдери, мусулмандардын коркок акимдерин көрүп текеберленип кетпегиле. Себеби, миллиарддаган мусулман Умматы бул акимдер сыяктуу эмес. Исламий Умматта дале жакшылык бар. Ошондуктан, Америка жетектеген кафир Батыш күчтөрү Умматка каршы ырайымсыз согушка киришти. Мусулмандардын рувайбиза акимдери да алар менен шериктеш болуп согушка киришти.
Эй мусулман акимдери, силер жахилдигиңер жана саясий адашууңар себептүү адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Умматка каршы согушка кошулдуңар. Алыс же жакындагы кызыкчылыктарыңарды көрө албастан компасыңарды да жоготтуңар. Душман силерди буктурмада аңдып турат жана эртели-кеч силерге каршы айла-амал кылып жатат. Силер ал тургай сыясына да арзыбаган доллар үчүн АКШга кызмат кылып жатасыңар. Силер тактыңарга ылайыксыз саясатчысыңар. Силер алсыздарга күчүңөрдү көрсөтөсүңөр, айлакер түлкүлөр алдында корлорчо чөгөлөйсүңөр. Таквалык кылбайсыңарбы?!
Эй Кытай акимдери, Аллах кааласа Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык жакында тикеленет. Бул мамлекет силерди мусулмандардын канын төккөнүңөр жана намысына кол салганыңар үчүн эсеп-китеп кылат. Убакыт өтүп кетишинен мурун жасап жаткан иштериңер жөнүндө ойлонгула жана мусулмандарга кол салууну токтогула. Халифалык силерге Пайгамбарыбыздын ушул сөзүн айтат: «Исламга кир, саламат болосуң. Эгер, баш тартсаң күнөөгө батып, кол астыңдагылардын күнөөсү да сага болот». Биз силерди жасап жаткан иштериңердин акыбетинен эскертебиз. Себеби, бул сыяктуу кылмыш Исламий Уммат менен анын душмандары ортосундагы согушка жетиштүү болот. Тарыхтан үлгү алгыла, Синд каракчылары Дебалды ээлеп алышканда Халифа Валид ибн Абдулмалик кол башчы Мухаммад ибн Касим Сакафийди Синд шаарын фатх кылуу үчүн жиберди. Бул окуя хижраттын 90-жылдары болуп, 18 кеме жана ичиндеги түрдүү байлыктар, деңизчилер, мусулман аялдар кайтарып алынды. Мындан тышкары кол башчы Кутайба ибн Муслим Бахилий өз антын аткарууга силерди мажбур кылганы, падышаңар ага өз баладарын бергени жана кор болгон абалда жизя төлөгөнү эсиңерден чыктыбы?!
Роя гезити