Эрдоган АКШ саясатына эээрчүүдө

298
0

Эрдоган АКШ саясатына эээрчүүдө

Хижрий 1440-жылы 5-жумадул-аввал, миладий 2019-жылы 11-январь күнү «Инаб балади» сайты ушул кабарды жарыялады:

«Россия Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттарды Сириядан күчтөрүн алып чыгып кеткен соң, ал жерлерди Сирия режимине тапшырууга чакырды.

11-январь күнү Россия Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова басма сөз конференциясын өткөрүп, Сирия режими Сириянын түндүк-чыгышындагы күрттөр жашаган аймакты өз көзөмөлүнө алышы «Сирия режиминин кошуналарынын коопсуздугун камсыздашы шарт» деп баса белгиледи. Захарова кошуналар дегенде күрттөр тарабынан өзүнүн коопсуздугу үчүн кабатырланып жаткан Түркияны назарга алды».

Роя гезити:

Америка Сириядагы саясий чечимин жүзөгө чыгаруу үчүн Эрдоганды дагы эле пайдаланууда. Түркия тышкы саясатта Американын көрсөтмөлөрүнө ылайык кадам шилтеп, анын пландарын жүзөгө чыгарат. Буга далилдер өтө көп. Акырында, Түркия – «Асад катышпаган өткөөл баскычтан» «Асад катышкан өткөөл баскыч» саясатына өткөндөй – күрттөр үчүн «буфердик зона» саясатынан баш тартып, «автономиялуу аймак» саясатына өтүүгө макул болот!

Роя гезити, №217, 2018-жыл, 16-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here