АКШ Кытай менен “технологиялык согуш” баштоону каалайт

384
0

АКШ Кытай менен технологиялык согуш” баштоону каалайт

АКШнын Кытайга каршы соода согушу негизги атаандаш менен «технологиялык согушту» баштоо үчүн бир шылтоо гана болгон. Бул тууралуу Шанхай университетинин саясий серепчиси Фудань Вэн Ян билдирди.

 Анын айтымында, “ZTE” жана “Fujian Jinhua Integrated Circuit Company” ири технологиялык компанияларына байланыштуу окуялар о.э. декабрь айында “Huawei” компаниясы менен жүз берген окуялар себептүү Американын тактикасы ашкере болду. Вэн Яндын пикиринде, АКШ Кытайдын инновациялык компанияларын бутага алган. Мындан бир аз мурда, Канадада АКШнын суранычы менен “Huawei” компаниясынын финансылык директору Мэн Ваньчжоу кармалды.

Яндын билдиришинче, “Huawei” америкалыктардын бутасына айланган акыркы компания эмес. Анын кошумча кылышынча, АКШ мындай кампания өткөрүү планын алда качан даярдап койгон болушу мүмкүн, а бирок, Кытай болушу мүмкүн болгон жооп чараларын  карап чыгууда жана бул маселеде өзгөчө токтоолук көрсөтүүдө. Эксперттин белгилешинче, Кытай өкмөтү өлкөдөгү АКШ компанияларына каршы мындай аракеттерди эч качан кылган эмес.

Вен Ян “Пекин мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо үчүн эффективдүү, бирок, агрессиивдүү болбогон контрчабуулдарды иштеп чыгышы о.э. АКШнын келечектеги чабуулуна даярдык көрүшү керек” деп эсептейт. Бирок, эксперт Кытайдын контрчабуулга барышынан күмөн кылууда. Анын билдиришинче, расмийлер АКШнын глобалдык жетекчилигине каршылык көрсөтмөкчү эмес  жана “ар дайым тынчтык келишимине даяр” болгон салттуу стратегиялык токтоолук тактикасын улантышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here