Кыргызстандын “адам укуктары” күнүн белгилеши арам
1948-жылы 10-декабрда БУУ башкы ассамблеясы “Адам укуктарынын жалпы декларациясын” кабыл алган. 1950-жылдан бери бул күндү майрамдоо бардык мүчө мамлекеттер үчүн белгилеп коюлган. Ушундан улам, бул күн Кыргызстанда жыл сайын белгиленет жана быйыл “декларациянын” 70 жылдыгы болгондуктан, Кыргызстанда өзгөчө иш-чаралар өткөрүлөрү дайындалууда.
Негизи, бул укуктар декларациясы мажбурий эмес экендигине карабастан, бирок, андан аткарылышы мажбурий болгон келишимдер келип чыккан. Алар: Жарандык жана саясий укуктар боюнча эларалык пакт; Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эларалык пакт. Ушул эларалык мажбурияттардын ар бир пунктун текшерип чыккан адам – алардын ар бири “сырты жалтырак, ичи калтырак”, империалисттер кызыкчылыгына кызмат кыла турган – беренелер экенин табат. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша, биз алардын айрымдарына гана токтолуп өтөбүз.
- Өз тагдырын өзү белгилөө укугу
Алардын аныктамасында, бул укук боюнча, ар бир эл өз мамлекетинин башкаруу формасы кандай болушу керектигин өзү аныкташы керек.
Бирок, биз турмуш чындыгынан мунун бүтүндөй тескерисине күбө болуудабыз. Мисалы, Сирияда калк Исламий башкаруу түзүмү болгон Халифалыкка катуу умтулуп калганда, бир жагынан АКШ баштаган коалиция, экинчи жактан Россия баштаган топ тил бириктирип, (ИГИЛди шылтоолоп) калкты кыргынга салды. Натыйжада, статистика боюнча алганда эле, 500 000 ашык адам өлүп, 5 миллиону качкындарга айланды.
- Адилеттүү жана ыңгайлуу эмгек шарттарына ээ болуу укугу
Бул укук да кордолгон элге “куру эмчек эмизүү” экени төмөнкү сандардан эле айкын болот. Мисалы, Францияда тигүүчү саатына 10 евро алып, натыйжада 8 сааттык жумушчу күнү үчүн 80 евро б.а. 6 400 сом алат. Ал эми Кыргызстанда тигүүчү 8 саат гана дем алып, 16 бою саат иштеп, 2 000 сом алат. Ушуну эмгекти адилеттүү бөлүштүрүү жана жагымдуу эмгек шарты деп айтууга болобу?
- Социалдык камсыздоо укугу
Бул мухтаж адамдардын мамлекеттен пенсия жана пособиелер алуулары. Бул укук натыйжаларын да салыштырма сандарга салып көрөлү.
Мисалы, ошол эле Францияда орточо пенсия төлөмү 1 300 евро б.а. 104 миң сомго барабар. Ал эми Кыргызстандагы орточо пенсия төлөмү 5 100 сом. Мындан сырткары, Дүйнөлүк банк сыяктуу эларалык уюмдар карыздар траншы үчүн биздин бийликтерден пенсия, пособие, айлык акыларды азайтууну, коммуналдык кызматтарды болсо көтөрүүнү талап кылышат. Дагы о.э. мамлекеттин ичинде да социалдык үлкөн ажырым бар. Мисалы, экс-президенттин пенсиясы 100 миң сомдун айланасында болсо, өмүр бою кетмен чапкан дыйкандын пенсиясы 5 миң сом. Ал экс-президентке мындай сыйлык акы биздин эсебибизден, калкын колонизаторлорго кул кылып бергени үчүн төлөнөт! Социалдык камсыздоо укугу “жемишинин” даамын сезип жатасызбы?
- Кулдукка жана мажбурлап иштетүүгө тыюу салуу
Расмий түрдө кулдук жоюлду деп айтылганы менен, кулдук дагы деле бар. М: адам соодасы сыяктуу көрүнүштөр. Статистикага таянсак, дүйнө боюнча бүгүнкү күндө 36 млн адам кулдук абалда жашайт. Жылына 4 млн адам кулдукка сатылат. Анын 90%и Азия жана Африка өлкөлөрүнө туура келет. Мыйзам боюнча адам соодасына тыюу салынганы менен, бирок, буга ири державалардын кожоюндары болгон ири капиталисттер кызыкдар. Ошондуктан да, бул соода соолумак түгүл, кайра күн санап “гүлдөп” өсүүдө. Айрыкча, империалисттер өздөрү чыгарган локалдык согуштар учурунда, алардын адам соодасы абдан кызыйт. Мисалы, АКШ менен Кытайдын таасир талашы айынан келтирип чыгарылган Мьянма согушунда жүздөгөн рохинжа мусулмандары бутпарастарга сатылып кетти.
- Этникалык же диний азчылыктардын укуктары
Бул “укуктар” да империалисттердин өз ара таасир талашууларына кызмат кылат. Мисалы, Россиядагы орус-чечен согушунда орустарга каршы күрөшкөн кыймылдарды батыштыктар “боштондук кыймылдары” деп аташты жана “эгемендүүлүк”кө акысы бар азчылык катары сыпатташты. Ал эми Россия мунун тескерисинче, аларды сепаратисттер жана террористтер атап, аларды кыргынга салды. Азыр Кытайда да ушундай болууда. АКШнын Кытайга каршы “азчылыктар” маселесин ишке салуусунан кооптонуп, Кытай өкмөтү алдын ала эле уйгур, казак жана кыргыз улутундагы мусулмандарга карата репрессиялык, ал тургай, мамлекеттик террор саясатын колдонуп жиберди. Кытай БУУ Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгондуктан, ал мындай зулумун эч кимден тартынбастан ишке ашырып жатат.
Урматтуу мусулмандар, империалисттер мына ушундай эларалык уюмдар жүктөгөн мажбурияттар аркылуу биздин үстүбүздөн өз өкүмдарлыктарын жүргүзүп келе жатышат. Бирок, алар мунусун ар кандай жолдор менен жаап-жашырышат. Мындай адилетсиздиктердин себеби өзүбүздүн жалкоолугубузда же бийлигибиздин диктаторлорлугунда деп көрсөтүшөт. Негизи, булар өз өлкөбүзгө тиешелүү маселе болбостон, балким, бүткүл дүйнөлүк системанын “жемиштери” болуп саналат. Империалисттер бүткүл дүйнөнү эл аралык уюмдар тузагы менен чырмап алышып, капитализм системасы астында кандарды соруп жатышат.
Урматтуу бир туугандар, мусулмандар өлкөлөрүнүн БУУ сыяктуу эл аралык уюмдарда мүчө болушу, алардын милдеттемелерине баш ийиши, алар белгилеген күндөрдү майрам кылып белгилеши, алардын катарында адам укуктары күнүн белгилөө – булардын баары арам.
Урматтуу бурадарлар, мусулмандарды эле эмес, балким, бүткүл адамзатты капиталисттер зулумдарынан туура жолдогу Халифалык гана куткара алат. Ал гана империалисттердин жөргөмүштүн желелериндей уюмдарын талкалап салып, колонизаторлук зулматтарынан Ислам адилетине алып чыгат. Андыктан, бардык мусулмандар биргеликте, Халифалык саясында биригүү үчүн, пикирий-саясий күрөш алып барыңыздар!
يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ
«Эй момундар, Аллах жана Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда аны кабыл алгыла» [8:24]
Хизб-ут-Тахрир-Кыргызстан матбуат бөлүмүнүн раиси Абдулхакийм
- 12. 2018.