Путин Украинага каршы санкцияларды киргизүү жөнүндөгү токтомго кол койду
Россия президенти Владимир Путин россиялыктарга карата Киевдин аракеттерине жооп иретинде атайын экономикалык чаралар тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты кабарлады.
Бул “Украинанын эл аралык укук-нормаларга тескери болгон аракеттерине – Россия Федерациясынын жарандарына жана юридикалык жактарга карата чектөөлөр киргизишине” жооп болду.
“Эгерде, Украина Россия жарандары жана компанияларына санкцияларын токтотсо, Россия атайын экономикалык чараларды жокко чыгарат”, – деп айтылган токтомдо.
Өкмөткө экономикалык чараларды иштеп чыгуу жана алар колдонула турган адамдар тизмесин даярдоо тапшырмасы берилди.
Украина Россиянын компания жана жарандарына карата санкцияларды киргизди жана бул тизмени тынымсыз толуктап барууда. Акыркы жолу бул нерсе сентябрь айында ишке ашырылды. Бул чектөөгө “РЖД Логистика”, “Промкомплекспласт” жана “Газгольдер” компаниялары кошулду.