АКШ президенти Германияны энергия тармагында Россияга «көзкаранды» болуп калуудан эскертти

254
0

АКШ президенти Германияны энергия тармагында Россияга «көзкаранды» болуп калуудан эскертти

АКШ президенти Дональд Трамп БУУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө немец өкмөтүн Россияга «көзкаранды» болуп калуудан эскертти. Трамптын айтымында, эгерде немец өкмөтү мамлекеттин жандашуусун өзгөртпөсө, Россиянын энергетика ресурстарына толук көзкаранды болуп калат.

«Германия өз жандашуусун тездик менен өзгөртпөсө, Россияга толук көзкаранды мамлекетке айланып калат», – деди АКШ президенти.

“Энергия ресурстары үчүн бир гана жеткирип берүүчү мамлекетке таянып калган мамлекет алдоо жана коркутуунун курмандыгына айланат. Энергияга муктаждыгын камсыздоо үчүн Балтика кууруна чакырып жаткан Европа мамлекеттерин, анын ичинде Польшаны да эскертишибиздин себеби мына ушунда”, – деп кошумчалады Трамп.

О.э. Германиянын «Түндүк агым-2» долбооруна жабышып алгандыгын кайра-кайра сындады. «Түндүк агым-2» долбоору – бул орус газын Европага жеткирүү боюнча түзүлгөн долбоор.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here