Россия терроризмге (Исламга) каршы күрөштө АСЕАН мамлекеттери менен кызматташууну күчөтөт
Россия өкмөтү терроризмге (Исламга) каршы күрөштө Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери уюму (АСЕАН) менен кызматташтыкты күчөтүүгө даяр. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров АСЕАНдын Сингапурда уюштурулган жыйынында билдирди.
“2016-жылдын май айында болуп өткөн Сочи саммитинин токтомдоруна ылайык Россия жана АСЕАН мамлекеттери ортосунда стратегиялык аракеттерди бириктирүүгө даярбыз. АСЕАН мамлекеттери менен бардык тармактарда, ошону менен бир катарда терроризм жана террорчуларды камтыган, жаңы пайда болуп жаткан коркунучтарга каршы күрөшүүдөгү алакабыз өнүгүп жатканына кубанычтабыз”, – деди Россиянын тышкы иштер министри АСЕАН мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери катышкан жыйында.
О.э. Лавров жыйындан соң уюштурулган маалымат жыйынында АСЕАНга мүчө мамлекеттердин кийинки жыйынында Россиянын демилгелери, айрыкча чет өлкөлүк террорчуларга каршы күрөшүү боюнча демилгелери талкууланышына көңүлдү бурду. Лавровдун айтымында, бул абал Россия Федералдык Коопсуздук агенттигинин маалыматтык банкынан пайдалануу менен ишке ашырылат.
“Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Сингапурда уюштурулуучу АСЕАН саммитинде коопсуздук боюнча Россия демилгелеринин бир нечесин талкуулайбыз. Бул жерде өз ара кызматташуу жаатында бардык регион мамлекеттеринин, ошону менен бир катарда Россия жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин террорчулар маселесинде сунуштары бар. Россия Федералдык Коопсуздук агенттиги бир нече жыл мурда маалыматтар банкын түзүп, ага ондогон мамлекеттер кошулган. Анда террорчулар жана чет өлкөлүк куралдуу адамдар жөнүндө маалыматтар чогултулат”, – деди Лавров.a