Эрдоган Сирия маселеси боюнча 4 мамлекеттин жолугушуусу болуп өтөрүн билдирди

363
0

Эрдоган Сирия маселеси боюнча 4 мамлекеттин жолугушуусу болуп өтөрүн билдирди

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 7-сентябрь күнү Стамбулда Түркия, Россия, Германия жана Франция мамлекеттеринин башчылары жолугушарын билдирди. Бул тууралуу “Vatan” гезити кабарлады.

 Эрдоган Йоханнесбургда журналисттердин Сирия маселеси боюнча суроолоруна жооп берип жатып: “Стамбулда 7-сентябрда Түркия, Россия, Германия жана Франция ортосунда жолугушуу болуп өтөт, биз эмне кылышыбыз мүмкүн экендигин талкуулашабыз. Төрт тараптуу жолугушууда регион проблемаларын талкуулайбыз”, – деди.

О.э. саясатчылар Түркия, Россия жана Ирандын Сирия боюнча үч тараптуу жолугушуусунун күн тартибин да талкуулашат.

Эрдогандын айтышынча, Түркия, Россия жана Ирандын Сочи жана Анкарада болуп өткөн үч тараптуу саммитинен соң Тегеранда жолугушуусу болуп өтөт.

Эске сала кетсек, Түркия, Россия жана Иран президенттеринин Сирия боюнча экинчи саммити 4-апрелде Анкарада болуп өткөн эле. Биринчи саммит 2017-жылдын 22-ноябрында Сочиде болуп өткөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here