Жеймс Мэттис: АКШнын Иранда бийликти алмаштыруу максаты жок

316
0

Жеймс Мэттис: АКШнын Иранда бийликти алмаштыруу максаты жок

“АКШнын Иранда бийликти алмаштыруу максаты жок. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис билдирди”, – деп кабарлады “Reuters” агенттиги.

 Мэттис журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: “Андай максат жок. Бизге алардын аскерий мүмкүнчүлүгүн, жашыруун кызматтарын, ушул сыяктуу мекемелери жана адамдарынан келип чыккан коркунучтарга тиешелүү иш-аракеттерин өзгөртүшү зарыл”, – деди.

8-май күнү АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Иран менен ядролук келишимден чыккандыгын жарыя кылган.

Трамп Иранга карата мурунку санкцияларды кайрадан күчүнө киргизип, андан тышкары жаңы санкцияларды да киргизүүгө убада берди. 21-майда АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Тегеранга болуп көрбөгөндөй басым өткөрүшүн, айрыкча, эгерде Иран саясий багытын өзгөртпөй турган болсо тарыхтагы эң катуу санкциялар режимин киргизишин билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here