Трамп Ислам өлкөлөрүнүн башчыларын шылдыңдаган билдирүү берди
АКШ президенти Дональд Трамп Ислам өлкөлөрүнүн башчыларын ачык эле шылдыңдаган көрүнүштө билдирүү берди. Трамп бул билдирүүсү аркылуу Ислам өлкөлөрүнүн башчыларына теңсинбеген мамиле кылышын жана каалаган убакта аларды кордошун, алар болсо өз калктары астында оор абалга түшүп калса да, Трамптын каалоосун ишке ашыруу үчүн анын буйругуна моюн сунушун ашкере кылды. Анын айтымында, Ислам өлкөлөрүнүн башчылары Куддус маселесине тиешелүү токтомдор жөнүндө Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү каалаган кезде, Трамп алар менен сүйлөшүүнү кийинкиге кечиктирген, андан кийин болсо өзү телефон чалып, аларды шылдыңдаган.
Трамп АКШнын Тель-Авивдеги элчиканасын Куддуска көчүрүү туурасында берген билдирүүсүндө: “Королдор, президенттер жана диктаторлордон телефон чалуулар болуп жатты. Бардыгынан телефон чалуу болду. Мен эмне үчүн телефон чалып жаткандыгын билгендиктен, “аларга кийинки аптада өзүм телефон кыларымды айтып койгула” дедим. Андан соң аларга өзүм телефон чалып, “бул тууралуу мындай туйгуга ээ экендигиңерди билбеген элем, эми өтө кеч болду” деп айттым”, – деди.
Трамп өзүнөн мурунку көптөгөн президенттер АКШ элчиканасын Куддуска көчүрүүгө убада бергендигин, бирок алардын бири да убадасын аткарбагандыгын айтты. Анын айтымында, өзүнөн мурунку президенттер бул жаатта тышкы мамлекеттердин күчтүү басымы астында калган.
Трамп: “Мен мунун себебин түшүнөм. Убагы келип, адамдар бул тууралуу имиштерди уга баштаганда, дүйнөнүн ар тарабынан мага жалынган, мындай кылбашымды каалаган президенттердин телефон чалуулары көбөйүп кетти. Мен болсо аларга жооп бербедим. Иш бүткөндөн кийин аларга өзүм телефон аркылуу байланыштым”, – деп мактанды.
АКШнын Тель-Авивдеги элчиканасы Куддуска көчүрүлүшүнө эң көп курсант болгондор, протестант насронийлери экендигин билдирген Трамп: “Мына биз муну ишке ашырдык. Муну менен сыймыктанабыз….”, – деди.