АКШ 15-июль окуясын дeмократияга байланыштырды
АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Науэрт 2016-жылы 15-июлда Түркияда болуп өткөн төңкөрүш жасоо аракетин “демократияга каршы чабуул” деп баалады.
“Эки жыл мурун болуп өткөн ийгиликсиз төңкөрүш жасоо аракетинде болжол менен 250 түрк жараны көз жумду жана миңдеген адамдар жараат алышты. Өлгөндөрдүн жана жараат алгандардын үй-бүлөлөрүнө тилектештик билдиребиз”, – делет АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Науэрттин билдирүүсүндө.
АКШ Түркиядагы демократиялык уюмдарды колдорун баса белгилеген Науэрт: “Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети – демократияга каршы чабуул. Бул – демократияны коргоо үчүн негизги эркиндиктер корголушу зарыл экендиги жөнүндө эскертүү”, – деп кошумчалады.
Түпкүлүгүндө, 15-июлда уюштурулган төңкөрүш жасоо аракети Түркиядагы бийликти алууга багытталган! Төңкөрүшкө урунган аскерийлердин билдирүүлөрүндө илманийлик баса белгиленгенин жана мусулмандар кемсинтилгенин байкоого болот. Төңкөрүшчүлөр америкача демократиялык режимди четке кагып, британча демократияга жүздөнмөкчү болушту.
Төңкөрүшкө каршы чыккан мусулман калк демократияны коргоо үчүн көчөлөргө чыккан эмес. Бул түндө көчөлөргө чыккан мусулмандардын пакиза исламий туйгулары Батыш алып келген демократия жана улутчулдук пикирлери менен аралашып кетти. Мусулмандардын Исламий пикирлери улутчулдук жана улуттук мамлекет түшүнүктөрүнө бурмаланды. Бийликтегилер Аллах үчүн жакшы көрүү жана Аллах үчүн жаман көрүү түшүнүгүнүн ордуна, мекен үчүн жакшы көрүү жана мекен үчүн жаман көрүү түшүнүгүн коомго алып кирди.
Бийликтин колдон чыгып кетишинен кооптонгон расмийлер демократияга чакыруу менен кожоюндарын тынчтандырышты. Негизи, мусулмандар көчөлөргө демократия үчүн эмес, Ислам үчүн чыккандыгы акыл жүгүрткөн ар бир адамга айкын. Анткени, өз жанын коркунучка салып, көчөлөргө чыккан адамдар бирер жолу болсо да демократияни оозго алышпады. Көчөлөрдө жалаң гана такбир жана тахлилдер жаңырып турду. Демократия, улут жана мекен сыяктуу ураандар радио-телевидения аркылуу гана жаңырды.