БУУ: Трамптын тушунда америкалыктардын экономикалык абалы начарлап барууда
Бириккен Улуттар Уюму АКШнын экономикалык абалы боюнча жаңы отчёт жарыялады. Отчётто келишинче, АКШ президенти Доналд Трамптын тушунда Америка жарандарынын экономикалык абалы начарлап бара жаткандыгы күзөтүлүүдө.
БУУнун отчётунда америкалыктардын жакырданып бара жатышына жарандар ортосунда кирешени бөлүштүрүүнүн адилетсиздиги себеп кылып көрсөтүлгөн. О.э. отчётто АКШ “мүмкүнчүлүктөр өлкөсү” катары сыпатталышына карабастан, кирешелер теңсиздиги жаатында биринчи орунда турушу айтылган.
АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли БУУнун отчётуна каршык билдирди. Хейлинин билдиришинче, отчёт АКШ БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин чыгып кетишине байланыштуу болууда.
Никки Хейли шейшемби күнү АКШ БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинен чыккандыгын жарыя кылган эле. Хейли аталган кеңешти “эки жүздүү жана өзүн гана ойлой турган уюм” деп айыптап, АКШ админстрациясы бул кеңештин (Израил)ге каршы билдирүүлөрү себептүү кабатыр болгонун да айтып өткөн.
БУУнун АКШдагы экономикалык абал боюнча отчёту Трамптын оппоненттерине ыңгайлуу шарт түзгөндүгү айтылууда.