Сагынбаев: Кыргызстанга террорчу-эмиссарлар кирип келүүдө

356
0

Сагынбаев: Кыргызстанга террорчу-эмиссарлар кирип келүүдө

 Кыргызстанда жарандарды тыюу салынган уюмдарга тартуу иши активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

 Анын айтымында, көптөгөн кыргызстандыктар тыюу салынган уюмдарга өз ыктыяры менен кошулууда.

“Деструктивдүү аракеттерин жүргүзүп жаткан “уктап жаткан” ячейкалар түзүлүүдө. Бул айрыкча Кыргызстандын түштүк аймактарына тийиштүү. Мындан тышкары, Афганистанда “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери көбөйүп барышы Борбор Азия мамлекеттеринде чабуул уюштурууга шыктандырышы мүмкүн. Кыргызстан эл аралык террордук уюмдар тарабынан адамдардын “транзити”, террорчулуктун очогун түзүү үчүн объект катары каралууда. Буга коомдун исламдашып жана саясийлешип бара жатканы да жардам берет”, – деген Сагынбаев.

Туркистон: 

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев ушунчалык кыянаттык, доомат жана жалаа менен билдирүү бериптир! Анын пикиринде, региондо Исламдын өнүгүп бара жатышы, мамлекеттерибиздеги көпчүлүктү түзгөн мусулмандардын куфр баалуулуктарынан баш тартып исламий баалуулуктарды урматтап жатышы – куфр тили менен айтканда – “Ислам террорист”тери үчүн ыңгайлуу шарт түзүп жаткан имиш! Аллахка ант болсун, анын максаты куфр кызыкчылыгынан келип чыккан!

Сагынбаев, “террорчулар” үчүн эшиктерибизди жаап алалы. Ал үчүн исламий баалуулуктар күчөшүнүн алдын алалы о.э. мусулмандар саясий аң-сезимдүү болуп бара жатышат, ушул учурдан пайдаланып аларды да тыйып алалы деген маанидеги пикирди сунуштап жатат! Аллах мунафыктарды эки дүйнөдө кор кылсын!

Анын максаты куфрду ыраазы кылуу экендиги саясий түшүнүгү болбогон адамга да белгилүү.  Ал Афганистан тараптан Орто Азияга карата АКШ менен Россия жасалма пайда кылып жаткан колонизаторлордун пландары үчүн ыңгайлуу чөйрө пайда кылып бермекчи болууда. Куфр кызыкчылыгы үчүн өз жарандарын куугунтуктоону күчөтүүнү сунуштап жатат! Негизи, эч кандай куралдуу коркунуч жок экендигин, куфр дүйнөсү “терроризм” термини астында өзү жийиркеничтүү иштерди кылып жатканын, алар бул террордук операцияларын мусулмандарга жабыштыруу менен, мусулмандарды эки тайпага бөлүп, Афганистандагы сыяктуу, бири-бири менен согуштурмакчы болуп жатканын Сагынбаев өтө жакшы билет!

Сагынбаев  мусулмандарды куугунтуктоону мындан да күчөтүүнү сунуштап жатат. Бирок, бул куугунтуктоону  “террористтер” же аларга ыңгайлуу шарт түзүп берип жаткан “экстремисттер” деген жасалма аталышта ишке ашыралы демекчи болууда! Экинчи максаты, коомдо активдүү өнүгүп бара жаткан исламий мамиле жана баалуулуктарга каршы илманий (светтик) күрөш механизмин күчөтүүнү сунуштады! Ал “Исламдын өнүгүп барышы “терроризм”ге ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө” деген маанидеги сөзүндө ушул нерсени айтмакчы болду.

Эске сала кетсек:  Куфр дүйнөсү Ислам жана мусулмандар менен идеологиялык күрөш алып барууда. Бирок, Ислам мусулмандардын жүрөгүнө орношуп алгандыгы жана мусулмандар дүйнө жүзүн ээлеп алуу кубатына ээ болуп бара жаткандыгы себептүү, куфр Ислам жана мусулмандарга каршы ачык күрөш жарыялай албайт. Ал мусулмандардын биригип кетишинен кооптонот! Ошондуктан, мусулмандарды бириктире ала турган активдүү, мабдаъий Исламды көтөрүп чыгып жаткан жетекчи топторго сокку берүү максатында “террорист, экстремист” деген терминдерди ойлоп таап, аларга каршы ар түрдүү ыкмаларды  колдонуп барат! Ал үчүн Сагынбаев сыяктуу чыккынчы мусулмандарга ар түрдүү гранттар аркылуу материалдык жана каржылык колдоолорду көрсөтүп турушат. Булар болсо өз кезегинде, куфр дүйнөсүнүн кызыкчылыгы үчүн мусулмандар арасында душмандык пайда кылуу менен куфрга региондо согуш чыгаруу мүмкүн болгон шарттарды түзүп беришүүдө!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here