Эрдоган Путинге биргеликте “К-500” иштеп чыгарууну сунуштады
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Владимир Путинге “К-500” зениттик ракета комплекстерин биргеликте чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
Ал ошондой эле Россия менен түзүлгөн “К-400”жеткирип берүү келишими тууралуу да сөз кылды.
“Россия бизге “К-400” боюнча өтө ыңгайлуу шарттарда кредит берди. Экинчи жана үчүнчү баскычтарда биз биргеликте иштеп чыгарууну жолго коёбуз”, – деген Эрдоган.
Андан тышкары, Эрдоган АКШ жана НАТОнун “К-400” жеткирип берүү келишимин сындашына жооп берди.
Эрдоган: “Эмне үчүн алар Греция ээлик кылып жаткан “К-300” туурасында эч нерсе дешпейт? Түркияга карата мындай мамилени түшүнүү кыйын. Биздин коргоо өнөржайыбыздын өзүнө жараша талаптары бар жана биз аларды канааттандырууга аракет кылабыз”, – деди.
Өткөн жылдын декабрь айында Россия менен Түркия “К-400” зениттик ракета комплекстерин жеткирип берүү боюнча кредиттик келишим түзүшкөн эле. Келишимге ылайык, Анкара эки зениттик ракета комплекс батареяларын сатып алат. О.э. тараптар Түркияда“К-400”иштеп чыгарууну өнүктүрүү үчүн технологиялык кызматташтык боюнча да келишип алышкан.
АКШ менен НАТОго мүчө өлкөлөр аталган келишим үчүн Анкараны бир нече жолу сындашкан. АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уесс Митчел “К-400” сатып алынышы “F-35” учактарын жеткирип берүүдө проблемалар байда болушу мүмкүн экендигин айткан эле.
Буга жооп иретинде, Түркия башка мамлекеттен учак сатып ала тургандыгын билдирген.
Мевлют Чавушоглу “A Haber”телеканалына берген интервьюсунда: “F-35” учактары Түркияга жеткирип берилиши шарт. Ал эми бул проблема жүз берсе, Түркияда башка варианттар да бар. Балким, Россиядан же башка бир НАТОго мүчө мамлекеттен сатып алышыбыз мүмкүн”, – деген.
Өз кезегинде Эрдоган АКШны “F-35”учактарын жеткирип берүүгө чакырды.
“Биз АКШны стратегиялык өнөктөш деп эсептейбиз. А бирок,стратегиялык өнөктөш бизди башка эшиктерге баш багууга мажбур кылбашы керек”,- деди Эрдоган.