Өзбекстан Россияга Навоий облусунда АЭС курууну сунуштады

413
0

Өзбекстан Россияга Навоий облусунда АЭС курууну сунуштады

Россиянын “Росатом” корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда негизги талкуу Өзбекстанда атомдук электростанция куруу маселеси болгондугун билдирди.

Лихачевдун айтымында, АЭС 2 блоктон турат. О.э. өкмөттөр аралык келишим, бул объектти пайдаланууга тапшыруу мөөнөтү, кадрларды даярдоо маселеси да каралган.

“Өзбекстан учурда изилдөө реакторунун ишин кайрадан жаңыртууда. Бирок, заманбап ядролук технологиялар жана жогорку чыңалуудагы станциядан пайдалануу көптөгөн адистерди о.э. бир катар тармактардын өнүгүшүн талап кылат. Мында 10 миңдей жумушчу керек болушу мүмкүн. Станциянын өзүнө атайын даярдыктан өткөн 1500-1600 кызматкер керек. Президент бизге адистерди мүмкүн болушунча Россияда даярдоону сунуштады. О.э. бул жерде бардык керектүү шарттар түзүлүшү керектиги айтылды.

Өзбекстан Россияга Навоий облусунда АЭС курууну сунуштады. Өзбекстан президенти жана премьер-министри бизге Навоий облусундагы аянтча тууралуу айтышты. Жакынкы күндөрдө ал жакка барып маалымат чогулта баштайбыз. Долбоорго жандашуулар талкууланды”, – деди Лихачев.

Анын айтымында, Өзбекстанда АЭС курулушун ишке ашыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик орган түзүлүшү керек. Ал орган республикадагы атомдук тармакты тартипке салат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here