Өзбекстан башкы прокуратурасы менен ФТБ ортосунда “жол картасына” кол коюлду
Өзбекстан баш прокуратурасы менен ФТБ ортосунда өз ара түшүнүү Меморандумун ишке ашыруу боюнча “Жол картасына” кол коюу ырасымы болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстан баш прокуратурасынын маалымат кызматы кабарлады. Түшүнүшүү меморандумуна 2017-жылдын декабрында Вашингтондо кол коюлгандыгы кошумча кылынган.
Кабарда келишинче, Өзбекстан президентинин АКШга сапарынын алкагында Баш прокурор Отабек Муродов АКШнын айрым укук коргоо органдарында жолугушууларды өткөргөн.
“АКШ Ички коопсуздук департаментинин жашыруун кызматынын жооптуулары менен жолугушууда, өсүп бара жаткан коркунуч жана ушул түрдөгү кылмыштардын транс улуттук жөндөмүн эсепке алган абалда валютага тиешелүү кылмыштар, жасалма акча жана башка төлөм каражаттарын даярдоо, алардан пайдалануу о.э. кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды”, – деп айтылат кабарда.
Айрыкча, Юстиция департаментинде АКШ баш прокурорунун жардамчысы Б.Шварц менен болгон жолугушууда кылмыштуулукка каршы күрөш жана тергөө жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Департамент өкүлдөрүнө Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан сотттук, укуктук реформалар, 5 жылдык өнүгүү стратегиясы, кыска убакытта жетишилген ийгиликтер тууралуу маалымат берилген. Америка тараптан жаңыланууларга оң баа берилип, АКШ Юстиция департаменти жана Өзбекстан башкы прокуратурасынын алдына коюлган жалпы милдеттерди эсепке алган абалда кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгы жана буга олуттуу даярдык көрүү керектиги айтылган.
О.э. Юстиция департаментинин OPDAT жана ICITAP программалары алкагында кылмыш издөө жана кадрларды окутуу тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланган.