Мэй, Макрон жана Меркель: АКШ ядролук келишимден чыкса да, биз чыкпайбыз

349
0

Мэй, Макрон жана Меркель: АКШ ядролук келишимден чыкса да, биз чыкпайбыз

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, Франция президенти Эммануэл Макрон жана Германия канцлери Ангела Меркелдер Тегеран менен түзүлгөн ядролук келишимди колдой тургандыгын билдиришти. Президент Дональд Трамп 8-май күнү АКШ бул келишимден чыккандыгын жарыя кылган эле.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй АКШ президенти Дональд Трамптын ядролук келишимден чыгуу жөнүндөгү чечимин талкуулоо үчүн Болгариянын борбору София шаарында болуп өткөн Европа Союзунун саммитинде Ангела Меркель жана Эмминуэль Макрондор менен жолугушту. Бул тууралуу, Тереза Мэйдин маалымат катчысы кабарлады. Катчынын билдиришинче, үч жетекчи келишимде калышын тастыктап, бул нерсе бүгүнкү күндө жалпы коопсуздук үчүн маанилүү экендигин баса белгилешкен.

О.э. Мэйдин маалымат катчысы билдиргендей, үч жетекчи келишим түзгөн тараптар менен иштешүүнү улантууну жана Иран өз милдеттерин келишим негизинде аткарышы керектигине басым жасашкан.

Франция президенти Эммануэль Макрон болсо, Иранда иштеп жаткан Европа компанияларын коргоо үчүн Тегеран менен түзүлгөн ядролук келишимди колдоого токтом кылганын жарыялады. Макрон Европанын экономикалык суверенитетин коргоо зарыл экендигин баса белгилеп, Европа компаниялары Иранда бизнес кылуу же кылбастыкта эркин тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигин баса белгиледи.

“Биз Иран боюнча жакшы кеңешип алдык. 2015-жылы кол коюлган ядролук келишим коопсуздук жана аймактык тынчтык үчүн маанилүү элементти түзөт. Ошондуктан –  мейли, АКШ келишимден чыгууга токтом кылган болсо да – биз калууга токтом кылдык жана компанияларыбыздын Иранда калышына мүмкүнчүлүк бере турган саясий чараларды колдонууга келишип алдык”, – деди Макрон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here