Песков: Биз ядролук ракеталар боюнча келишимди эч качан бузган эмеспиз

248
0

Песков: Биз ядролук ракеталар боюнча келишимди эч качан бузган эмеспиз

АКШ президенти Дональд Трамп Москваны орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу келишимин бузгандыкта айыптап, Россияга каршы жаңы санкцияларды даярдоого буйрук бергенден кийин, Кремль да буга каршы билдирүү таратты.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Россия орто жана кыска аралыктагы ядролук ракеталарды жок кылуу туурасындагы келишимди эч качан бузган эмес. О.э. Россия бул жааттагы милдеттерин көңүл коюу менен аткарып келе жатат жана мындан кийин да улантуу ниетинде.

“Россия бул келишим боюнча өз милдеттерин толук аткарып келүүдө жана биз ушул милдеттерди аткарууну улантабыз. Ошондуктан да (Трамптын) айткандары өтө таң калычтуу”, – деди Песков.

Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды кыскартуу келишимине 1987-жылы АКШ менен СССР ортосунда кол коюлган. Аталган келишимге АКШнын ошол кездеги президенти Роналд Рейган менен СССРдин жетекчиси Михаил Горбачев кол койгон. Ошондо эки өлкө ортосунда ар кандай баллистикалык, канаттуу же орто аралыктагы ракеталарды чыгарбастык, сыноодон өткөрбөстүк жана жайгаштырбастык боюнча келишим түзүлгөн эле.

О.э. тараптар 1000-5500км аралыктагы  орто аралыктагы жана 1000-500км аралыктагы кыска аралыктагы бардык ракета комплекстерин жок кылууга убада беришкен. Келишим 1991-жылдын май айына келип толук ишке ашырылды. СССР 1792 баллистикалык жана канаттуу ракетаны жок кылды, Америка болсо 859 ракетаны жок кылган.

Келишимдин мөөнөтү чектелген эмес. Бирок, ар бир тарап андан чыгышы зарыл экендигин канааттандырарлык көрүнүштө далилдегенден кийин аны жокко чыгаруу укугуна ээ. Акыркы кездерде Россия менен АКШ бири-бирин жогорудагы келишимди бузгандыкта айыптап келет. АКШ Россияны жаңы курал-жарактарды чыгарууда жана бул тармакты өнүктүрүү үчүн каражат бөлүүдө айыптаса, ал эми Россия болсо АКШны учкучсуз учактарды өнүктүрүүдө айыптап келет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here