Европарламенттин төрагасы Европада “мээлүүн Исламды” колдоп-кубаттоо маанилүү экендигин баса белгиледи
Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни бейшемби күнү Сирия жана Ирактан Европага кайтышы күтүлүп жаткан көптөгөн чет өлкөлүк “террористтерден” тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Тянинин айтымында, башка өлкөлөрдөн Босния жана Герцеговинага келе турган көптөгөн жихадчылар бар.
“Көптөгөн чет өлкөлүк согушкерлер Европага кайтып келүүдө. Алар Балкан, Косово жана башка жерлерге кайтып келишүүдө”, – деди Антонио Таяни Софияда Европа Союзу жана Батыш Балкан саммити учурунда журналисттерге берген интервьюсунда.
Таяни ушул көз караштан келип чыгып, Европада “мээлүүн Исламды” колдоп-кубаттоо маанилүү экендигин баса белгиледи. Себеби, Евросоюзундагы мамлекеттер өздөрүнө ыктаган “мээлүүн Исламды”, өздөрүнө душман деп билген жана “радикалдык Ислам” деп атап алган нукура Исламга каршы деп эсептешет.
Европа Союзунун терроризмге каршы күрөш боюнча координатору Гиллес де Кортованын айтымында, Европа Союзуна мүчө мамлекеттерден кеминде 5000 адам “Ислам Мамлекети” уюмунун катарына кошулган.
Адистердин билдиришинче, айрым согушкерлер Ирак жана Сирияда каза болушкан, тирүү калгандары Европага кайтып келишкен же кайтып келмекчи болуп турушат. Айрымдары болсо башка региондорго кетүүнү көздөп жатышат.