Сирия оппозициясынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Астанага келишти

288
0

Сирия оппозициясынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Астанага келишти

Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү мамлекеттеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча эл аралык жолугушууларга катышуу үчүн Астанага келишти. Бул тууралуу “ТАСС” агенттиги  Казакстан тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Анвар Жайнаковдун маалыматына таянып кабарлады.

 “Сирия куралдуу оппозициясынын өкүлдөрү бүгүн эртелеп Астанага келишти. 24 адамдан турган делегацияга Ахмад Тома (2017-жылы Эр-Рияд сүйлөшүүлөрү  боюнча түзүлгөн комитеттин өкүлү) жетекчилик кылууда”, – деди Жайнаков.

14-май күнү  Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астана сүйлөшүүлөрүнүн тогузунчу раунду башталды. Сүйлөшүүлөр алкагында тараптар Сириядагы абалды талкуулашат. Реиондо кризисти жоюу боюнча кийинки  жараяндарды уюштуруу маселеси талкууланат.

 Дүйшөмбү күнү эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр болуп өттү. Негизги жыйын 15-май күнү өткөрүлө турган болгон.

Бул жолугушууга АКШ делегациясы катышпайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here