Алсыз каралоолор астында Куддус яхудийлерге тапшырылды

272
0

Алсыз каралоолор астында Куддус яхудийлерге тапшырылды

Бардык нааразылыктарга карабастан, АКШнын Куддустагы расмий элчиканасы ачылгандыгы жарыя кылынды. АКШ элчиканасын Тел-Авивден Куддуска көчүрүү токтомуна о.э. яхудий мамлекети тикеленишинин 70 жылдыгына каршы Газа чек арасында нааразылык акциясын уюштурган палестиналыктар яхудий аскерлеринин куралдуу чабуулуна дуушар болушту. Яхудий аскерлердин куралсыз демонстранттарга ок атышынын натыйжасында 59 адам өлүп, 2771 адам жарадар болду.

Ушул кыргындан кийин яхудийлердин премьер-министри Бинямин Нетаняху мусулмандарды кыргын кылуу улана беришине ишара кылган билдирүү берди. Ал билдирүүсүндө яхудий аскерлеринин кыргыны «мыйзамдуу коргонуу» болуп эсептелишин т.а. бул нерсе яхудийлердин коопсуздугун камсыздоо экендигин жана мындан кийин да уланышын баса белгиледи.

БУУ жана бир нече мамлекеттер каралоо менен чектелишти. Айрыкча Түркиянын бир нече жерлеринде митингдер уюштурулду. Палестиналык мусулмандар менен бирге экендигин көрсөтүү үчүн 15 майдан баштап үч күндүк аза күтүү да жарыяланды.

Бирок, “Саадат” партиясынын башкы катчысы Тамал Карамуллаоглу яхудийлерге каршы митингдер уюштурулгандыгын сындап чыкты. Карамуллаоглунун билдиришинче, мүмкүнчүлүк ээси өз каршылыгын митингдерди уюштуруу аркылуу эмес, олуттуу кадамдарды таштоо менен көрсөтүшү керек.

Ошондон кийин, яхудийлердин Анкарадагы элчиси Эйтан Наех бүгүн 11:15те Тел-Авивке учкан рейс менен өлкөсүнө жөнөтүп жиберилди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here