Рамазан айынын кирип келишине карата куттуктоо

829
0
Рамазан айынын кирип келишине карата куттуктоо
Баардык мактоолор бүткүл ааламдардын жаратуучусу Аллах Таалага жана ислам нурун бул дүйнөгө жеткирген Пайгамбар с.а.в га болсун. Анын сахабаларына, үй-бүлөсүнө салам жана салаваттар болсун.
Жалпы адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөткө! Аллах жолунан дүйнө матасы азгыра албаган чыныгы ыкластуу азаматтарга Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху!
1439-хижрий, 2018-миладий жылындагы берекелүү Рамазан айынын кирип келиши менен сиздерди куттуктайм. «Ал саналуу күндөр) Рамазан айы, бул айда адамдарга Туура Жол болуп, хидаят менен фуркандын (акыйкат менен жалганды айырмалоочунун) ачык-айкын аяттары болуп Куран түшүрүлдү…» Аллах бул ай менен мусулмандарды урматтаган. Анын башталышы рахмат. Ортосу кечирим. Аягы тозоктон кутула турган ай… Бул айда куран түшүрүлгөн. Бул айда фатх жана нусраттар болгон. Бул ыкластуулулук менен амал кыла турган ай. Бул ай ибадат, сабыр жана жихад кылуунун айы… Андыктан урматтуу мусулман бир туугандар, жакшылыктарга жетишүү үчүн ат салышып чамдагыла. Анткени бул айда жакшылыктар, ажыр сооптор эки эселенип берилет.
Бул айда мусулмандардын кылган ибадаттары, амалдары Аллах алдында кабыл болуусун, бул ай береке жана фатхтын айы болуусун, бул айда мусулмандарды Лаа илааха иллаллоох Мухаммадар расулуллоох байрагынын алдына бириктире турган пайгамбарлык жолундагы Халифалыктын тикеленишин Аллахтан сурап дуба кылам. Аллахка бул иш кыйын эмес. “Ал күнү момундар Аллахтын нусраты келгени себептүү шаттанышат. Аллах кимге кааласа жардам берет. Ал ырайымдуу, улуу Зат”.
Сөзүмдүн акырында жалпы момундарга жакшылыктарды каалайм. Аллахтын тынчтыгы жана саламдары болсун. Аллах соолих жана соолихаларды дос тутат.
Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху.
Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рушта 2018. 05. 15

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here