АКШ россиялык маалымат каражаттарынын Борбор Азиядагы таасиринен тынчсызданууда

278
0

АКШ россиялык маалымат каражаттарынын Борбор Азиядагы таасиринен тынчсызданууда

АКШ админстрацияясы Борбор Азияда “көз карандысыз” массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү үчүн 15 миллион доллар бөлдү. АКШ админстрациясы кабарлагандай, россиялык маалымат каражаттары аталган региондогу коомчулуктун пикирине сезиле турган деңгээлде таасирин тийгизүүдө.

АКШнын (USAID) эл аралык өнүгүү агенттиги Борбор Азия республикаларында россиялык массалык маалымат каражаттарынын таасирин азайтуу максатында ал жердеги жергиликтүү маалымат каражаттарын колдоп-кубаттоо боюнча тендер жарыя кылгандыгы айтылууда. Вашингтон ал жерде россиялык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз көңүл бурууга киришкен.

Кабарда келишинче, АКШ Мамлекеттик департаментинин максаты жергиликтүү журналисттерди колдоп-кубаттоо жана жарандар демократиялык түзүмдөгү массалык маалымат каражаттарынын ордун жакшы түшүнүүсү үчүн алардын “маалыматтык сабаттуулугун” жакшыртуудан турат.

Вашингтондун билдиришинче, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда жогорку сапаттагы социалдык маалыматты пайда кылуунун көрсөткүчү төмөн бойдон калууда. Буга Россия тараптан эфирге узатылып жаткан жана региондо коомдук пикирди калыптандырууда маанилүү рол ойноп жаткан жаңылыктар менен көңүл ачуучу программалар көптүгү себеп болууда.

АКШ  бул аракеттерине төмөнкүдөй түшүндүрмө берет: “Жергиликтүү көз карандысыз маалымат каражаттарынын, Россиянын – күчтүү каржыланган жана маалыматтар үчүн негизги булак болуп турган – каналдары менен атаандашуусу өтө кыйын. Бул болсо, дүйнөдө жүз берип жаткан иштерди туура эмес түшүнүүгө себеп болууда. Коомчулукка сунушталган маалыматтарды көзөмөлдөөгө аталган өлкөлөрдүн авторитардык режимдери жардам беришүүдө жана демократиялык реформаларга тоскоолдук кылышууда. Натыйжада бул абал сөз эркиндиги, маалымат эркиндиги жана айкындуулук сыяктуу дүйнөлүк баалуулуктарга зыян жеткирүүдө”.

Айрым адистердин билдиришинче, Вашингтон бул аркылуу учурдагы түзүмдөрдү өзгөртүүнү, Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин саясий багытын өзгөртүүнү о.э. Кытай жана Россиянын үстүнөн стратегиялык үстөмдүккө ээ болуу үчүн региондо бекем орношуп алууну көздөп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here