АКШ мекемесинин отчёту: АКШ Талибанды чегинте албады
АКШнын “Афганистанды жаңыдан тикелөө” мекемесинин башкы инспекциясы АКШнын Афганистанда коргоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча департаменти сунуштаган маалыматтарга таянуу менен отчёт жарыя кылды. Отчётто келишинче, АКШ Афганистанда басымды күчөтүшүнө карабастан, Талибан кыймылынын көзөмөлүндөгү аймактар кеңейип барууда жана учурда Талибан кыймылы мамлекеттин жарымын көзөмөлдөйт.
О.э. Талибан кыймылы акыркы кездерде ээлеген райондорду да статистикага кошо турган болсок, АКШ Афганистандагы басымдарын күчөткөндөн кийин Талибан артка чегинбегендигин, тескерисинче дагы да көбүрөөк жерлерди көзөмөлгө алгандыгын айтууга болот.
Учурда Талибан кыймылы быйыл да жылдагыдай эле жазгы операцияларын жаңы аталыш менен баштагандыгын жарыя кылды. Жарыяда айтылышынча, Талибандын быйылкы аскерий операциялары “Хандак казаты” деген аталыш менен ишке ашууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, Талибан кыймылы акыркы бир аптанын ичинде эки шаардын борборун көзөмөлүнө алган.
АКШда республикачы жана демократ сенаторлор Афганистан согушуна өтө чоң өлчөмдө каражат жумшалып жатканын айтып келишет. АКШ Коргоо министрлиги Пентагондун билдиришинче, афган согушу АКШдагы салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жыл сайын 45 миллиард доллар жүктөйт жана бул чыгым кийинки жылдарда өсүп бара берет.
Сенаторлор президент Дональд Трамптын тушунда да Афганистанда бирер жеңишке жетишүүгө ишенбей жатышат.