Владимир Путин төртүнчү жолу президенттик кызматка киришти
“Gazeta.ru”нун кабар беришинче, Россия калкы ушул жылдын март айындагы шайлоодо президент Владимир Путинге дагы бир жолу ишеним көрсөткөн эле.7-май күнү өткөн президенттикке киришүү салтанаты учурунда Владимир Путин калкына терең ыраазылык билдирди.
Путин 18 жылдан бери премьер-министр жана президент катары бийликтен түшпөй келет. Оппозиционерлер аны Россия империясы доорундагыдай өкмөттү башкарууда деп сындап келишет.
Россия жетекчиси бүгүнкү инаугурациядан кийин дагы алты жыл мамлекетти башкарат. Ал төртүнчү мөөнөтүнүн аягына чейин президент бойдон турган болсо, мамлекетти чейрек кылым башкарган болот.
Бүгүнкү инаугурация учурунда Владимир Путин Россия калкына шайлоодо ишеним билдиргени үчүн терең ыраазылык билдирди. Бул ишенимди “чоң саясий капитал” деп атап, орусиялыктардын турмушун мындан да жакшыртууга жана мамлекетти өнүктүрүүгө убада берди.