“Пластикалык хирургиянын” шарий өкүмү

391
0

Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху. Пластикалык хирургиянын шарий өкүмү кандай? Алла сизге ийгилик берсин.

Жооп:

Уа алейкум ассалам уа рахматулоохи уа баракаатуху.
  1. Эгер пластикалык операция дарылануу бабында кылынса жайиз. Мисалы денедеги оору себептүү, же күйүп калуу, же авто кырсыкка кабылып, же тубаса денесиндеги айыпты кетирүү маселен, ашыкча манжасын кестирүү, же кош манжасын ачтыруу сыяктуу иштерде шарий жактан жайиз. Мунун далили Арфата бин Асад р.а айтты: “Мен жахил доордо Кулаб күнү мурунумдан жабыркагам. Күмүштөн мурун жасап алгам. Мага ал жагымсыз жыт чыгарчу. Пайгамбар с.а.в. алтындан мурун жасап алуума буюрду”. (Тирмизи, Аннасааи риваяты. Бул хадисти Албани хасан хадис десе, Абу Иса хасан гориб хадис деген). Бул хадисте ачык далалат кылып тургандай пластикалык операцияны дарылануу жаатында кылуу жайиз экендигин түшүндүрүп турат.
  2. Ал эми дарылануу эмес сулуулануу жаатында кылына турган болсо, ал жайиз эмес анын далили төмөнкүдөй:
Алкамата р.а дан Абдулла айтты: “Аллахтын жаратканын өзгөртүп сулуулануу үчүн денесине чектиргендер, чеккендер (татуаж), кашын тердиргендер, тергендер, тишинин ортосун ачтыргандарга Аллахтын наалаты болсун.” (Бухарий жана Муслим риваяты). Хадисте айтылгандай сулуулануу үчүн тишинин ортосун ачтырган арам иш. Ал сулуулануу үчүн деп иллеттенип келди. Тактап айтканда сулуулануу үчүн тишинин ортосун ачтыруу арам. Бирок, сулуулануу үчүн эмес дарылануу үчүн кылса жайиз. Араб тилинде “фалаж” сөзү экилик жана төрттүк тиштер ортолорун акырындап ачтырып тегиздөө маанисинде колдонулат. Тактап айтканда сулуулануу үчүн тиштерин өгөөлөтүп чоңун кичинесине теңеп араларын ачтырып, тиштерин быдырайта көргөзүп жаш балдардыкындай кылдыруу. Башкача айтканда оорудан дарылануу үчүн эмес сулуулануу үчүн кылдыргандык шарий жактан арам. Анткени хадисте сулуулануу үчүн деп иллеттенип келди. Эгер сулуунануу үчүн эмес оорудан дарылануу үчүн кылынса жайиз.
Имам Навави Муслимдин риваятындагы хадисти шархтап мындай дейт:
“Мутафалижаат сөзү фаа жана жимдин фатха менен келиши. Мындагы максат экилик жана төрттүк тиштердин араларын өгөлөтүү. Фалаж сөзүндө фаа менен ламдын фатха менен келиши экилик жана төрттүк тиштеринин ортосунда кичине ачык аралык болушу. Мындайды жашы өтүп калгандар кылдырат. Тиштеринин ортосун жакындаштырып, тишин сулуу көргөзүү. Тиштердин аралары кичине ачык болушу кичинекей, жаш балдарда болот… Ал эми сулуулануу үчүн тиштеринин араларын ачтыруу арам иш экендигине хадис ишара кылып турат. Оорудан дарылануу үчүн же тиштеги бир айыпты кетирүү үчүн кылынса, бул шарий жактан жайиз. Аллах туурасын билүүчү”.
Мына ушундайча сулуулануу үчүн бул иллет болот да андай амал арам. Ал эми дарылануу максатында кылынса ал шарий жактан жайиз. Ал эми сулууланып, жасануу максатында кылынса, бул шарий жактан жайиз эмес.
Ушул менин басымдуу пикирим. Туурасын Аллах билүүчү.
Боордошуңуз Ато бин Халил абу Рушта.
2018. 04. 12

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here