Трамп: Эми үйгө кайтуу мезгили келди

296
0

Трамп: Эми үйгө кайтуу мезгили келди

АКШ президенти Дональд Трамп Балтика боюндагы республикалардын жетекчилери менен жолуккандан кийин маалымат жыйынын уюштурду. Анда АКШ кошуундарын Сириядан алып чыгуу каалоосу күчүндө экенин дагы бир жолу билдирди. Анын ырасташынча, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерий иштери мамлекеттин бюджетине оордук кылууда.

“Сириядан чыгууну, аскерлерибиздин үйлөрүнө кайтуусун каалайм. Мен аларды мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн кызмат кылууларын каалап турам. Биз өткөн 17 жыл ичинде Жакынкы Чыгышта 7 триллион доллар сарптадык. Анын акысына эч нерсе колго албадык. Жоготуу жана өлүмдөн башка эч нерсеге жетишпедик. Бул коркунучтун аз гана бөлүгү”,- деди АКШ президенти.

О.э Трамп АКШ күчтөрү Жакынкы Чыгыштагы мунай кендерин колго ала албай калганын кошумчалады. Анын айтымында, Сирия жана Ирактагы мунай кендеринен ИШИМ уюму пайдаланган.

“Жарандар менен бирге мунай аймактарын коргогула дедим. Бирок, коргой албадык. Кимдин колуна өттү? Чоң бөлүгү ИШИМдин колуна өтүп кетти жана ал мындан өзүнүн компанияларын материалдык жактан камсыздоо үчүн пайдаланды. Мунай чыккан аймактарды колдон чыгарбоо керек эле. Бирок, ИШИМге каршы аскерий жактан эч ким жете албаган ийгиликке жетиштик. Эми үйгө кайтуу мезгили келди жана биз аны абдан олуттуу кабыл алабыз. Жакында чечим чыгарабыз”,- деди Трамп.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here