Орусия, Түркия жана Ирандын жетекчилери Анкарада жолугушту

319
0

Орусия, Түркия жана Ирандын жетекчилери Анкарада жолугушту

Орусия президенти Владимир Путин Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдогандын чакыруусуна ылайык эки күндүк иш сапар менен Анкарага барды. Бул тууралуу РИА Новости кабар таркатты.

Бул иш сапар Орусия президентинин шайлоодон жеңип чыккандан кийинки алгачкы визити. Расмий сапарын Владимир Путин Орусия менен биргеликте курулуп жаткан “Аккую” атом электр станциясынын курулушуна арналган видеоконференциядан баштады. Эки мамлекет жетекчилери биргеликте станциянын биринчи энергоблогунун пайдубалына бетон куюп баштоого буйрук беришти.

Андан соң Путин менен Эрдогандын тар чөйрөрдө сүйлөшүүсү жана эки мамлекеттин Жогорку даражадагы кызматташтык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Ушул эки иш-чарадан кийин Түркия менен Орусиянын арасында бир катар документтерге кол коюлду.

Шаршемби күнү Анкарада Орусия, Түркия жана Иран мамлекеттеринин жетекчилери үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Ушул үч мамлекет, Сириядагы тынчтыкты орнотууга багытталган Астана жыйынынын мүчөлөрү болуп, тынчтык орнотуу кепилдигин өз моюндарына алышкан. Бирок, жергиликтүү калкты кыргын кылуу абадан да, кургактыктан да уланууда.

Путиндин иш-сапарынын алкагында Орусия жана Түркия жетекчилеринин маалымат жыйынын өткөрүү да пландаштырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here